Рахат Аманова: “Бирдиктүү мектеп формасы мамлекеттин биримдигине шек келтирип, көйгөйгө айланды”
Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн директору менен маек.
-- Жаңы окуу жылы башталганы турат. Хиджаб оронгон кыздардын саны улам көбөйүп, аны мода катары көрүп алышты. Коомго, билим алууга таасири кандай?
-- Бирдиктүү мектеп формасы тууралуу маселе мамлекеттин биримдигине жана коопсуздугуна шек келтире турган кооптуу көйгөйгө айланды. Маселе ушунда жатат. Болбосо, Жогорку Кеңеш “хиджаб менен мектепке келгенге тыюу салынат” деп мыйзам чыгарып, президент кол коюп, өкмөт токтом кабыл алып коймок.
Бийлик бул маселенин курчуп кеткенине байланыштуу, бир жактуу кескин чечим кабыл албай турат. Ошон үчүн “бирдиктүү мектеп формасы боюнча мыйзам кабыл алып, бул маселеге чекит койбойбу!” деп жогорку эшелондогу бийликтегилерге доомат коюу да туура эмес.
-- Эмне кылуу керек?
-- Коомчулук бул маселени жеринде, реалдуу чечиш керек. Менимче, көйгөйдү чечүүнүн бир гана жолу бар: учурда өлкөдө 2356 мектеп бар. Алар ар бир ата-энеден бирдиктүү мектеп форма тууралуу сурамжылоо жүргүзүп, ата-энелер чогулушунда жыйынтыгын чыгарып, токтом кабыл алып, чечимди билим берүү министрлигине жөнөтүшсүн. Анткени сурамжылоо жүргүзүү үчүн билим берүү министрлиги буйрук бергенге укуктуу, акысы да бар.
1-берене:
1. Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.
Мынакей, Конституциянын биринчи беренесинде кашкайып жазылып турат, "мамлекеттик башкарууга дин аралашпайт" деп. Демек, мамлекеттин билим берүү саясатына эч кайсы дин өзүнүн каалоосун таңуулоого акысы жок.
"Мектепке жоолук салынбасын десең эле дин тутуу эркиндигибиз бузулуп атат" дешет. Каалаган диниңе сыйына бер. Бирок мамлекеттин билим берүүдөгү саясатына кийлигишпе. Эртең же бүрсүгүнү дагы башка диндин өкүлдөрү чыгышып, алар дагы өз каалоосун мектепке таңууласачы? “Балам бетин боёш керек”, же “мындай кийиниш керек” деп чыкса эмне болот? Ошон үчүн мектеп өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу шарт. Светтик өлкө болгондон кийин билим берүү министрлиги мектептердин жана жашы жетелек окуучулардын кызыкчылыгын коргогонго милдеттүү.
Жашы жетелек балдарга өз эркин таңуулаган ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Ата-эне түшүнбөйбү, анда муфтият менен биргеликте бул маселе чечилсин. Мамлекеттин бейпилдиги үчүн муфтият баш болуп киришип, көйгөйдү чечип бергенге милдеттүү. Качанкыга чейин элди жикке бөлгөн маселе курч боюнча кала бериши керек? Бир жаңсыл чечиш керек да. Албетте, конфликт, митинг, пикетке чыгуу болушу мүмкүн, бирок бул реалдуу кадам. Негизи мыйзам алкагында мектептин кызыкчылыгы үчүн чечилмейин, коомчулук жикке бөлүнө берет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити