Өмүрбек Бабановдун дүнүйөкорлугу, коркоктугу саясый карьерасына балта чапты!


2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов мекенинен качпай эле күрөшсө болмок. Агезде рейтинги бийик болчу. (Сокени админресурстун күчү менен Атамбаев алдыга сүрөп койгону жалганбы?). Эгер бийлик камап койсо да чыдап, сабырдуулук кылып, каршылык көрсөтө бергенинде, Садыр Жапаров экинчи планда калып, президенттикке шайланмак эмес. Тилекке каршы, Бабанов дүнүйөкор, коркоктугунун айынан саясый карьерасына балта чапкан! Кудай деле мүмкүнчүлүк, табылга берет тура. Асырап алуу ар кимдин эле колунан келе бербейт экен. Жалындап күйгөн жүз миңдеген колдоочуларына Бабанов түкүргөндөй кылып, өлкөдөн безип кеткени, кийин келип алып да жалтактап, коён мүнөздүгү менен баарын өлтүргөн. Байлыгын тиги дүйнөгө ала кетмек беле? Дээрлик мүлкүн тарттырып жиберсе да аягына чейин күрөшүп, эл тарабында намысын байрак кыла көтөрүп турганында, кандай жеңиш күтүп турганын элестетип көргүлө. Айтор, жаны таттуу Бабановдун амалкөй, куулугу акыры өз башына тийди.
"Азия Ньюс" гезити











