Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анара Султангазиева: “Каптаган ышка деле коррупция менен жоопкерсиздик, кайдыгерлик себепкер”

Анара Султангазиева: “Каптаган ышка деле коррупция менен жоопкерсиздик, кайдыгерлик себепкер”

21-январь, 12:00
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экология  боюнча эксперт менен маек.

-- Кир аба, ыш боюнча көйгөйдү тынбай көтөрүп келесиздер. Жылыш деле жок, ден соолугубузга бир топ эле терс таасири тийип жаткандай?

-- Сиз байкагандай, бул көйгөйдү көтөрүп, какшап келебиз. Чынын айтканда, биздин кендирибизди кескен коррупция менен жоопкерсиздик, кайдыгерлик. Туруктуулук деген жок бизде. Мамлекет башчылары, министрлер, өкмөт башчылары алмаша берет. Келип иштеп, коррупцияга белчесинен батып алып, анан качып же соттолуп кетет. Элди ойлогон деле киши жок. Эгер элди ойлошсо, эчак жол табылмак. Бизде баары тескерисинче. Ууланып жатканыбызды геноцид деп деле кабыл алсак болот. Биз айткан, биз какшаган иштер аткарылбаса, муниципалдык кызмат эч нерсе жасабаса, айласыз мындай пикирди айтпай коё албайсың.

Союз убагында адамдын орто жашы 74-75 жаш болчу. Азыр 65 жашка түштү. Абанын булганычынан элде түрдүү дарттар көбөйдү. Оор радиацияларды жутабыз, дем алабыз. Алар болсо эч качан организмден чыкпайт. Жайгашып калат. Өпкө оорусу, кан басым, аллергия, астма, жүрөк оорулар ошондон улам күчөп жатат. “Булганган абадан жылына 7 млн. адам өлөт” деп БУУ менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму далилдеп берди. Бул цифра жыл сайын көбөйө берет, ал эми адамдардын жашоосу кыскара берет. Өткөн жылы бизде кичинекей эмчектеги баланын канынан радиация табылган. Ошону ызы-чуу болуп кетпесин деп бат эле жаап коюшту. Эмне үчүн саламаттык сактоо министрлиги унчукпай отурду? Экология министрлиги да унчукпай кутулду. Азыр баарыбыздын каныбызды көз каранды эмес лабораториядан текшертсек, организмден радиация табылат. Анткени Кара-Кечеде радиация бар. Кыскасы, акыбал оор. Мен муну геноцид деп баалайм, башка тактоо жок. Мамлекет биздин жашообуздун сапатына кам көрүшү зарыл эле. Бирок ошол кам көрө тургандардын эки өпкөсү барбы же космосто дачасы барбы?.. Мунун баарына себепчи акча эле го деп ойлойм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер