Абдырахман Маматалиевдин ишмердиги боюнча маалымат
«Азия Ньюс» гезитинин 2021-жылдын 25-февралында жарык көргөн кезектеги №8 санында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жөнүндөгү макалага карата төмөнкүлөрдү билдиребиз:
Макаладагы катчы жана айдоочу боюнча: булардын кызмат оруну мамлекеттик кызмат болуп саналбайт жана бул кызматка жетекчи өзү эмгек келишимдин негизинде жумушка ала алат. Мурунку катчы жогорку окуу жайын бүтө элек (жогорку билими жок) болгондугуна байланыштуу жана эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнүн негизинде ал орунга башка тажрыйбалуу адам алынган. Мурунку айдоочунун карантин убагында мыйзам бузуулары аныкталып, андан тышкары эмгек тартибин так сактабагандыгы үчүн эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөндө иштен бошотулган. Мындан тышкары, убактылуу бош кызмат орунуна квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда эмгек келишимдин негизинде конкурссуз кызматка алуу каралган. Бул жерде мыйзам бузуу фактысы жок.
Бош кызмат орундарына сырттан өз кишилерин алып келиши тууралуу маалымат да чындыкка жатпайт. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматка кадрлар конкурстун негизинде гана алынат. Абдырахман Маматалиев директор болуп дайындалгандан бери бош кызмат орундарынын баарына конкурс жарыяланган жана аларга ички резервде турган адамдар катышкан. Дайындоолор конкурстун жыйынтыгы менен болууда.
Ушул күнгө чейин Абдырахман Маматалиев көп жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркалап келген жана мамлекеттик кызматка алууда тааныш-билиштик фактору болбошу керек деген принцибин айтып, иш жүзүндө аны далилдеп келүүдө.
Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы
"Азия Ньюс" гезити