Акыркы кабарлар
» Саясат » Мелис Мырзакматов саясаттан четтегени калдыбы?
Мелис Мырзакматов саясаттан четтегени калдыбы?
30-март, 01:10


Ош шаардык кеңешине “Улуттар Биримдиги” өтпөй каларын билген Мелис Мырзакматов алдыртан арызданып, тынчы кетип атканы ырас. Оппозициялык маанайда билдирүүлөрдү таратууда. “Ошто шайлоо адилеттүү өтпөйт” деп тотукуштай кайталап жатат. Көрсө, бийликчил партиялардын артында калып, ыдык көрө баштаптыр. Ошто Азамат Арапбаев, Нурбек Алимбеков, Жапар Ормонов сыяктуу лөктөр күч алышып, акча таратып атышканы аңыз кепке айланууда. Шайлоо аныгында таза өтпөй калды окшойт. Ахматбек Келдибеков да ар кайсы партияга өз балдарын тыгып, дээрлик жүдөтүп атканы кандай? Сыягы, Садыр Жапаровго кошомат кылып аткан топтордун бети ачылып, уят болчудай. Ал эми Мелис Мырзакматов алдын ала талаада каларын билип, чыйылдап атканы жөн жерден эмес.
"Азия Ньюс" гезити











