Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Эзелтен тагдыр өксүк, дүйнө бөксө…» же Алмаш Чойбекованын армандуу өмүрү

«Эзелтен тагдыр өксүк, дүйнө бөксө…» же Алмаш Чойбекованын армандуу өмүрү

24-февраль, 13:05
8 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн санда)

«Сабактан келери менен мага тез келсин!» деп мен жокто Алмаш эже жатаканага телефон чалыптыр. Оюма ар нерсе келип, бөлмөмө кирбей эле үйүнө жетип бардым. «Түндө түш көрдүм. Кудай бетин салбасын, бул жөн түш эмес, аян. Түшүмдө Байызбекти аюу жеп кетиптир. Дагы эле тоодо жашайт деп айтпадың беле?» деди. Мен жездем менен эжемдин турмушу жөнүндө ага көп нерсе айтып берген эмесмин. Бирок Байызбек жездем дагы эле балчылык менен алектенерин, күзгө дейре Ой-Алмада жашаарын, кышы Токтогулга келерин, бир кыз, бир уулу бар экенин, балдары кичинекей болгон үчүн эжем жакада калып, жездем тоодо жалгыз экенин айтып бергем. Ошону эстеп калса керек. 

-- Эгер бүгүн-эртең тоодон түшпөсө, аны аюу жеп кетет, мага аян берип атат, аны кантип сактап калабыз? - деп чебелектеди. 

-- Билбейм, - дедим мен. 

-- Сенин апаңдан жардам сурайлыбы? - деди. 

Мен макул болдум. Экөөбүз коңшубуздун үйүнө телефон чалып, апамды чакырттык. Алмаш эже касиеттүү адам экенин, кээ бир нерселер ага алдын ала аян берерин, Байызбекти сактап калуу анын милдети экенин айтып, апам экөө узакка сүйлөштү. «Ошент кагылайын, эртең тоого киши чаптыр, мени айтты де, тамаша көрбөсүн!» деп катуу дайындады. Эң сонунда «ал, апаң сени менен сүйлөшөм дейт» деп мага телефонду узатты. «Кызым, эжең ооруп жүргөн жокпу?» деп сурады апам. «Билбейм» дедим. Апамдан такып сурагым келип, бирок жанымда турган Алмаш эжеден тартынып эч нерсе сурай албадым. «Эжең психикалык жактан ооруп калган көрүнөт. Почтага барып мага чалчы?» деди апам. Ал убакта азыркыдай телефондор жок. Биздин айылда эки эле кишинин үйүндө телефон бар эле. Эртеси почтага барып, Авазбек акенин үйүнө апамды чакыртып сүйлөштүм.

Алмаш эже менен таанышканымды, анын турмуш-тиричилигине каралашып жүргөнүмдү апам билчү. «Сообу тийет, кылган иш колуңарга жугуп калмак беле? Жатаканада жөн эле жатасыңар, барып жардам берип тургула» деп көп айтчу. Бул жолу сезимдери аралашып калыптыр, мени урушту. «Эжең го алжып баратыптыр, сен анын тилине кирип мага телефон чалганың эмнең? «Сени аюу жеп кетет экен, тоодон эртерээк көчүп кет» деп Байызбекке киши жиберсем, «жеңем айнып калыптыр» дебейби? Анүстүнө ага эле ким чуркап бара калмак эле?! Экинчи мага мындай нерселерди айтып чалбай жүр, бир шылтоо таап мындан ары ошол аялдын үйүнө барганыңды да азайт!» деди. «Эмне сенден башка кайрылышар кишиси жокпу? Жакыныраак тууган-туушканы да жок бекен?» деп сурады. «Жок, эч кимиси жок экен» дедим. «Кантсек, ыя, атаны байкуш эже, ай!» деп кайра аяды. «Улуурак бирөө-жарымга айтып, ооруканага алып барыш керек го. Эже соо эмес, соо эмес» деп кайра-кайра кайталады. Бирок кимге айтып, кантип ооруканага көрсөтүп, кантип дарылатса болорун айталбай койду. Мен да маани берген жокмун. Психикалык оору дегенге жакшы деле түшүнбөсөм керек. Билбейм. Ошол бойдон унутулуп калды. «Байызбекти өлүмдөн сактап калдык, апаң да жакшы киши экен, үчөөбүз чоң сооп таптык» деп Алмаш эже көпкө чейин сүйүнүп жүрдү. 

***

Кыш болчу. Алмаш эже да, абышкасы да грипп болуп катуу ооруп калыптыр. Чүчвара, анар түгөнүп, абышкасынын базарга барганга алы келбей калган экен. Эже мени базарга жиберип жатып, «Мирбек деген анар саткан таластык бала бар, ошондон гана алышың керек. Ширеси жакшы чыгат. Башкадан алчу болбогун!» деп катуу дайындады. Бала экенмин да, кыштын кычыраган чилдесинде улам бир анар саткан кишиге барып, «таластык эмессизби, атыңыз Мирбек эмеспи?» деп Орто-Сай базарын кыдырып жүрө берип тоңуп калдым. 

Алган азык-түлүгүмдү жайгаштырып болгон соң, «бир чыны ысык чай ичип ал, анан чүчвара түйөлү» деди абышкасы. «Кеч болуп кете турган болду, бүгүн биздикине эле конуп кал» деп суранды эже. Макул болдум. Чайдан соң, абышкасы экөөбүз ашканада чүчвара түйүп атсак, Алмаш эже жаныбызга келди. «Сен тиги жакта эле отура берсең боло, быякта экөөбүз батпай атабыз» (ашканасы аябай тар эле) деди абышкасы. Алмаш эженин өңү бузулуп, сурданып кетти. «Силер отурган жерде мен отурсам эмне болот экен? Өз үйүмдөн өзүмдү кууйсуңбу, акмак?!» деп кыйкырды. Экөө урушуп кетти...

Таң эрте ойгонуп эле кетүүгө кам көрдүм. Менин ар бир кыймылыма кулак түрүп, эже адатындай керебетинин үстүндө отурган. Өңү түндөгү уруштан кийин оңолгон жок. Дале сурданып турат. Абышкасы ашканада болчу. «Кел жаныма!» деди бир кезде, колу менен керебетти таптап. Оюмда эч нерсе жок, жанына барып отурдум. «Түндө түш көрдүм» деп шыбырады. «Түшүмдө 62 деген жазуу ушул бөлмөдө айланып жүрдү. Көпкө айланып жүрүп сенин баш жагыңа барып ышка, капкара көөгө айланып кетти. «Алтымыш ыш…» бул жакшы нерсе эмес. Эки сан, эки адам. Сен анан эжең. Бул деген аян. Кудай мага аян берип атат. Оюң бузулуп, жаман чалдын тилине кирип мени өлтүрүп, үйүн тартып алайын деп атасыңарбы, же эжең «Алмашты өлтүр» деп дайындадыбы? Ошенткен го ээ? Айтам, бул кандай эле үйүмө байыр алып калды деп!.. 

Ыйлап жибердим. «Бас үнүңдү!» деди. «Жүрү сени узатып коёюн, экинчи үйүмө келбе!» деп өзү ордунан турду. 

11-троллейбустун арткы орундугуна отуруп алып, жол бою ыйлап келдим. 

***

Айтканымдай... Байызбек жездем 60 жашка чыкканча келбеген Бишкекке бир күнү келди. Бөйрөгүнөн рак болуп, абалы оор эле. «Кечигип калыпсың» деп дароо бир бөйрөгүн алып койду доктурлар. Шаардын чекесиндеги менин жаман батиримде жумалап туруп калды. Экөөбүз жетелешип ооруканага каттап жүрдүк. Жумуштан эрте келип калсам, «самса жасап берчи?» деп суранат. Самсаны жакшы көрчү. «Бат эле жасап коёсуң, даамдуу да жасайсың» деп мактайт. Маектешели десек эле сөзүбүз жалгашпайт. Мен көбүнчө жездемден качып, ишиме шылтоолоп, үйгө кеч келем. Доктурлар «болбойт, метастаза берип атат, узакка баралбайт» деген. Биз аны өзүнө айта алган жокпуз. Ошол күндөрү неге Алмаш эжени сөз кылган жокпуз, билбейм. Мен ал учурда иштеп, жаштыкка, сүйүүгө алаксып, чын эле Алмаш эжени эстегидей болгон жокмун. Ага таарынып кеткен бойдон бир кайрылып барбаганым үчүн, баргым келбегиним үчүн да эстебеген чыгармын, балким. Экөөнү жолуктурам деген убадам деле эсимден таптакыр чыгып кетиптир. Мунун баарын эми ойлоп, эстеп атпаймынбы. А Байызбек жездемчи? Ал эмнеге эстеген жок? Балким эстегендир? Же өз жаны менен алек болуп атып эстебеген чыгар. Балким. айткандан тартынгандыр... Ким билсин? Айтор, экөөнө тирүүлүктө дагы бир жолу жолугушуу буюрбаптыр. Көп узабай Байызбек жездем оорудан өтүп кетти... 

***

Кийинки убактарда Алмаш Чойбекова жөнүндө, анын чыгармачылыгы тууралуу сөз болгондо, ырларын интернет булактарынан кезиктирип калсам, ушул окуяларды көп эстечү болдум. Балалык кылып эженин ооруп жүргөнүн түшүнө албаптырмын, ошончо сулуу, таланттуу аял кор болуп калган өз өмүрү үчүн бүтүндөй дүйнөнү жек көрүп, бүт адамдардан шектенип каларын мен анда кайдан түшүнөйүн? Он алты жашында турмушка чыгып, ажырашып, анан сүйгөн адамына баш кошуп, бирок балалуу боло албай андан ажырап, кызганчаак, кызыл камчы бирөөгө башын байлап, акыры чолпондой эки көзүнөн ажырап, сулуулугуна, талантына, тагдырына доо кетти... Жашоосу сынды, бузулду… Ошонун баарын көрүп, угуп туруп, ошондой тагдырды көтөрүп жашаган адамдын бир ооз жаман сөзүн, кыялын көтөрүп койсом болмок… Көтөрүп койсок не?.. Өмүрүнүн жарымын караңгыда өткөргөн адамдын сөзүнө таарынбай деле койсо болорун мен жылдар менен кечигип түшүндүм. Ооба, кечигип түшүнүп калдым. «Азыр кайсы жакта, кандай күндү көрдү экен? Кантип жашап атты экен?» деп көп түйшөлдүм. Бирок анын кандай күндө жашап атканын башка билбесе да, мен жакшы билчүмүн. Баарыбыз жакшы билчүбүз. 

Таарынып кетип, кайра кайрылып абалын сурабаганыма, Байызбек жездем экөөнү бир жолуктуруп койбогонума аябай өкүндүм. «Кыргызстанга барарым менен сөзсүз Алмаш эжени издеп барам, ал-абалын сурайм, жездемдин өтүп кеткенин айтып, экөөнү жолуктуруп койбогонум үчүн кечирим сурайм» деп даярданып жүрдүм. Бирок Алмаш эже менин Кыргызстанга келишимди күтө албай калды... 

Москвада жүргөнүмдө «Кыргыздын акыны Алмаш Чойбекова сегиз ай мурун алыскы Сузак районундагы карылар үйүндө көз жумуптур» деген кабар тарады. «Аттиң, ай, аттиң, кыргыздын акыны карылар үйүндө өлөт деген эмне, ушул кантип болсун?!» деп кимдир бирөөгө суроо берип, жапырт кейидик. Бирок жообун ар бирибиз билчүбүз. Алмаш Чойбекованын кантип жашап, кандай азап менен өмүр кечирип жүргөнү баарыбызга маалым болчу. 

Ал го баардык адамдардан шектенип жашап калыптыр. Бизчи? Соо туруп эле баарына анын өзүн күнөөлөдүк. «Ооруканага көрсөтөлү» дегендин ордуна «айнып калды» дедик. Бирибиз да кайрылып барып абалын сураган жокпуз (Баргандар болгондур). Алтургай үйүн сатып (банк карызы үчүн алып койду деген да маалымат бар), батирден батирге көчүп жүргөндө, базарларда кайыр сурап, «Учур» гезитине «Кагылайын кыргыз калкым, мени сактап калсаңыздар?!» (10-май 2012-жыл) деп кайрылуу жазып жардам сураганда да үн каткан жокпуз. 2012-жылдан 2017-жылга чейин дарек-дайынсыз кеткенде да «Алмаш деген акын бар эле, ал эмнеге көрүнбөй кетти?» деп издегенге жараган жокпуз. Кайдыгер карадык. 

Сен келип көтөргөндө табытымды,

Чачымда эң акыркы шамал ойноп.

А жаным сиңип кетип жок дүйнөгө,

Жер бузган кыйкырыгың укпай коёт.

Өз өлүмүн ушундай элестетип жазган Алмаш акындын артынан издеп барып, эч ким анын табытын көтөргөн жок. Ал өлгөндө аркасынан эч ким жер бузуп ыйлап калган жок. Ал караанын көрүүгө зар болуп ырга салып ардактап өткөн адамдары да, башкалары да. Биз дагы...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер