Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Полковник Канат Жумагазиев стабилдүүлүктүн кепилдиги экенин көрсөттү

Полковник Канат Жумагазиев стабилдүүлүктүн кепилдиги экенин көрсөттү

18-декабрь, 14:27
1 542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү Ала Тоо аянтында өткөн митингде жай жарандар, арасында “гей-параддын” мүчөлөрү жана чагымчылар да жүрүштү. Алар буйрутма негизде саясый оюндарга да берилип атышканы, батышчыл бейөкмөтчүлөрдүн “дирижерлугу” астында кыйкырык салып турушканы да көрүндү. Мындай шартта ызы-чууну каалабаган жоон топ патриоттор да аянтта пайда болушуп, эки тарап беттешүүгө аз эле калган. 

Кудай жалгап, Бишкек ШИИБнин начальниги Канат Жумагазиев алдын-ала ыкчам аракети менен эки жээкти бири-бирине кагыштырбай, дыкат даярдыгын далилдей алды. Ал өзү аянттагы жаалданган тараптарды тынчтандырууга киришип, тычтыкты сактоонун кепилдиги экенин көрсөттү.

Бул боюнча саясатчы Адиль Турдукулов: “Бүгүнкү митингде стабилдүүлүктүн фактору катары милиция чыр-чатакка жол берген жок. Бишкек шаарынын начальник милициясы Канат Жумагазиев өзүнүн милдетин так аткарды. Көпчүлүк митингдин катышуучулары милицияга ыраазы болду” деген жылуу пикирин билдирди. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер