Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров: “Эшелон-эшелон кылып балдарды Россияга жеткирели”

Акылбек Жапаров: “Эшелон-эшелон кылып балдарды Россияга жеткирели”

21-январь, 00:31
1 318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азыр бизде 500 миңге жакын адам жумушсуз отурат. Собянин аларга жумушчулар жетишпей жатканын айтса, биз билеттер боюнча маселени чече албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын – 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели, бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып. Милициянын маалыматы боюнча, азыркы тапта уурулук көбөйүп жатат. Албетте, эл ачка калса уурдайт да” деген ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун сөзү бүгүнкү күндүн талкуусуна айланды. 

“Акылбек Жапаров билбейт окшойт, кыргыз эшелондоп эмес самолеттолуп ташылып атканын. Бир күндө 5 рейс болсо, күнүнө 1000 мигрант кетет. Өзүн баш кылып, калганын төш кылып, эшелон менен Москвага курулушка жөнөтөлү! Акылбек Жапаров Садыр Жапаровго кеңешчи болуп илешпеди беле? Бул “элди эшелон кылып чет элге жибер" деп кеңеш берет беле?” дегендей нааразы пикирлер Акылбек Жапаровго айтылууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер