Сурамжылоонун жыйынтыгында эл Садыр Жапаровго чоң ишеничин көрсөттү
2005-жылдан бери IRI (АКШ) тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтөр аныкталган. Буга катышкан адамдардын 85%ы учурдагы бийликке жогору баа беришсе, 92%ы жеке Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө ыраазы. Анда элдин басымдуу бөлүгү өлкөнүн келечегине оптимисттик көз карашта экенин, ошондой эле экономика менен коррупцияга тынчсыздануусун билдирген.
«Кайсы саясатчы же мамлекеттик жетекчиге ишенесиз?» деген суроого жооп бергендердин 68%ы президент Садыр Жапаровго ишенерин белгилеген. Ал эми УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге 37%ы ишеним арткан. Үчүнчү орунда «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков 33% менен. Андан кийинки орунда 26% менен «Ынтымак» фракциясынан депутат Эрулан Көкүлов турат. Бул 2021-жылдын сентябрындагы мурунку сурамжылоодон 16 пайыздык пунктка көп.
Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгүн экономика жана коррупция тынчсыздандырат. Өлкөнүн негизги көйгөйлөрү катары жумушсуздук, коррупция, жашоонун кымбаттыгын айтышкан. Элдин жактыруусунун 85% болгону эң жогорку көрсөткүч. Элдин ишеними — ийгиликтин эң маанилүү кепилдиги!
“Азия Ньюс” гезити