Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Атамбаевдин жазып жаткан китеби бестселлер болушуна тилектешмин!”

Адил Турдукулов: “Атамбаевдин жазып жаткан китеби бестселлер болушуна тилектешмин!”

27-август, 18:15
858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, бул саам парламенттик шайлоого катышууга аракет кылып көрдүңбү?

-- Менин оюмча, бул шайлоодо үч партия жеңишке жетет. Шарттуу түрдө айтканда, бийликтин жана олигархтардын (акчалуулардын) партиясы, ошого катар эл толкубас үчүн “оппозициялык” партия. Мага бул партиялардан тышкары сунуштар түштү, бирок, алардын бири да өтпөшүн билип, шайлоого катышпоону чечтим.

-- Шайлоонун үгүт иштери башталбай жатып чыр-чатакка күбө болдук. “Кыргызстан” партиясынын документтерин БШК кайра кайрып берди. Бул көрүнүш бийликке упай алып келдиби? Кандай бааланууда?

-- Эгерде Кыргыз Республикасы укукту туу туткан мамлекет болсо, анда БШКнын чечимине ынанат элек. Андай болбогон соң, бул ыкма парламентке өтчү “Кыргызстан” партиясын алсыратуу аракети катары бааласак болот. Бирок, аягында соттун чечимине ылайык, партия кайрадан шайлоого катышат (!) деп ойлойм. Ансыз “шайлоо атаандаштык негизде өттү” деген принцибине доо кетет.

-- Бийликтин таза шайлоо өткөрүүгө саясый эрки жетеби?

-- Атамбаевдин көп иштерине сын айта берсек болот, бирок анын эки жетишкендиги тарыхта түбөлүктүү калат: биринчиси, өз бийлигин ыктыярдуу түрдө тапшырып бергендиги. Экинчиси, шайлоо атаандаштык негизде өтүп, калыптанганы. Муну азыркы бийлик да буза албайт. Ошол эле учурда чыныгы элдик бийлик келгенге эки чоң тоскоолдук бар. Бул – административдик ресурс жана добушту сатып алуу. Менин баамымда, административдик ресурс бул шайлоодо анчалык чоң роль ойнобойт. Акча болсо дагы деле чоң фактор. Андыктан шайлоого ким көп акча төксө, жеңиш да ошол тарапка оойт. 

-- Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде кырдаал башкача. Саясый процесстерге карата жарандык коомдун активдүүлүгү, үстөмдүгү күчөп бараткандай туюлат. Мындай аракеттер канчалык деңгээлде маанилүү? Туруктуулукту камсыздай алабызбы?

-- Жарандык коомдун активдүүлүгү шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча чоң роль ойнойт. Ошого жараша эл аралык коомчулуктун да ою калыптанат. Эгерде бийлик негизги оюнчуларды шайлоого катыштырса, андай толкундоолор көпкө узабай калары шексиз.

-- Аламанга карай соцтармактарда партиялар тымызын түрдө бири-бирин каралоого өтүштү. Маалымат алууда кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин айырмалоо кыйын болуп калбайбы? Шайлоочуларды адаштыруу аракеттери күчөдү. Мындайда татыктууларды тандоого мүмкүнбү?

-- Азыркы шайлоодо көп эл менен жолугушууга тыюу салынган. Айрыкча дебаттар онлайн түрүндө уланары белгилүү. Ар бир жаран чындык менен калпты ажарата албайт. Ошондуктан, биз баштапкы мектептен баштап өзүнчө “медиа сабаттуулук” жана “сын көз караштын калыптануусу” таалимин киргизишибиз керек. 

-- Саясый туткундар катары сыпатталган бир топ белгилүү инсандар камалып жатышат эмеспи. Алардын ичинде укугу бузулгандар жокпу? Акыбалдары жакшы элеби? Дымып калышты негедир...

-- Менин билишимче, алардын духтары күчтүү. Бул эң маанилүү. Кыргызстандын мыйзамы боюнча соттоло элек инсандар үй камагына же күрөөнүн негизинде эркин жүрүүгө мүмкүн. Андай болбогон соң, Кой-Таш окуясы боюнча камалгандарды толук негизде саясый туткун катары бааласак болот. 

-- Алмазбек Атамбаев мындан ары чоң саясатта таасир жарата алабы? Экс-президенттин тагдырын кандайча божомолдойт элең?  

-- Атамбаевдин тыш дүйнө менен байланышы жокко эсе. Ошондуктан, ал кандайдыр бир саясый процессстерди координация кылат (!) деп ойлобойм. Негизи ага чың ден соолук тилейм. Көп жашасын. Азыр жазып жаткан китеби бестселлер болушуна тилектешмин!


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер