“Жомоктогудай карышкыр келбесе экен! Ошондон кооптонобуз!”


“Акыркы учурда билим берүүчү окуу жайларда “бомба коюлду” деген балээ болуп атат, сиз ушуга эмне дейт элеңиз?” деген собол таштадык.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:
-- Бул чоң көйгөй... Себеби, интернет заманы, ачык коом. Ким андай нерселерди кабарлап атканын органдар табышы да кыйын. Себеби, социалдык тармактар аркылуу же электрондук дарек аркылуу дүйнө жүзү боюнча кат, маалымат жиберип коркутуу, техникалык мүмкүнчүлүктөр арбын. Анүстүнө ар бир мекеменин электрондук дарегин, соцтармактагы баракчасын эркин таап, ал жакка каалаган жарыяңды жиберип койсоң болот. Өзүң болсо соцтармака жалган фейк аккаунтуңду ачып, керектүү "бомба" жөнүндө катыңды жиберип, ал аккаунтуңду дароо жаап салсаң болот.
Анүстүнө жаз-күздө көп кишилердин психикалык оорулары күчөйт, кээ бир тестиерлер тек гана хулигандык үчүн да жасап атышат. Айла жок, бул санарип доорунун сыноосу жана баасы. Мындай кылмыштарга каршы эффективдүү курал тапкан дүйнөдө бир да мамлекет жок. Көп дүрбөбөш керек. Сигнал келсе ал жердин баарын эвакуация кылыштын кереги барбы? Менимче жок! Унчукпай текшерип, тыянак чыгарыш керек. Ал маалыматты таратып аткан шүмшүктөр так ошол бизди дүрбөсүн деп атышат да. Алар үчүн бул шоу.
Албетте, кандай болгон күндө да сак болушубуз керек!

Ишенгүл Болжурова, мурунку билим берүү министри:
-- Биринчиден, бул коркунучтуу нерсе. Кайсы бир учурда өспүрүмдөр, мектеп окуучуларынын соцтармакта “Синий кит” деген опурталдуу оюну бар эмес беле, мына ошол нерсе эске түшүп атат. Мүмкүн ошондой оюн же хайп катары жасап атышабы деп кетем. Муну Россиядан жана Украина тараптан келип атат дешүүдө. Демек, муну Интерпол, эл аралык полиция караш керек. Улуттук коопсуздукка шек келтирип аткандары айдан-ачык болуп атпайбы. Экинчиден, биздин бала кездеги бир жомок эске түшөт. Ал мындай: жайлоодо бир торпоктун мойнуна коңгуроо илип, “карышкыр келатса кагып коёсуң” дешет. Ал торпок бир нече жолу кагып, адамдарды тамашага салат. Кайсы бир жолу чындап карышкыр келатканын көрүп коңгуроосун кагат. Элдер “торпок дагы тамашалап атат” деп барбай коюшат. Ошентип ал торпокту карышкыр жеп кеткен экен. Анын сыңарындай, ошо жомоктогудай нерсе болуп кетпесе экен деп чочулай берем. Мындайга өтө дыкаттык менен мамиле кылуу зарыл.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











