Зууракан эженин педагогикалык түйшүктүү ишине ийгилик каалайбыз!
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын профессору Сарылбекова Зуураканды 70 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!
Зууракан Сарылбекова кыргыз тилин окутуунун усулдары, кыргыз тилин чет тили катары окутуу багытында үзүрлүү эмгектенип, ондон ашык окуу китептеринин, окуу куралдарынын, монографиялардын жана жүздөн ашык илимий макалалардын автору болгон. Эженин эмгеги жогору бааланып, КУУнун Ардак грамотасы, билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган.
Эжени мааракеси менен куттуктап, узун өмүр, чың ден соолук, илимий-педагогикалык түйшүктүү ишине ийгиликтерди каалайбыз.
Филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын жамааты
"Азия Ньюс" гезити