Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахат Жунушбаева жана Hyundai Elevator компаниясы

Рахат Жунушбаева жана Hyundai Elevator компаниясы

30-июнь, 09:00
906 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Рахат Жунушбаева айым негиздеген Hyundai Elevator компаниясынын 10 жылдыгы белгиленди. Бул компания Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы заманбап лифттерди жана эскалаторлорду чыгаруу менен алек. Бул  Азияда жалгыз ишкана болуп эсептелет.


Hyundai Elevator компаниясынын кыскача тарыхы

Hyundai Elevator жогорку ылдамдыктагы лифттерди өндүрүү боюнча лидер ишкана. Компаниянын технологиялары ымырасыз (бескомпромиссный) R&D жаңы инновациялардын натыйжасы. Компания 21 м/сек ылдамдыкка жеткен эң ылдам лифттерди чыгаруучу катары бүткүл дүйнөгө белгилүү. Компаниянын максаты – адамдарга тез, натыйжалуу жана коопсуз айланып өтүүгө жардам берүүнү самайт.


10 жыл мурун жана азыркы жагдай

Кыргызстандагы Hyundai Elevator компаниясы 500дөн ашык лифттерди жана 100дөн ашык эскалаторлорду орнотту. Соода борборлорун 90% сапаттуу жабдуулар менен камсыз кылды. Компаниянын жабдуулары Токтогул ГЭСи, «Манас» эл аралык аэропорту ж.б. сыяктуу стратегиялык объектилерде, ошондой эле көптөгөн медициналык мекемелерде жайгашкан. Мындан сырткары, ишкана жумуш менен камсыз кылуу максатында Кыргызстандын окуу жайларында жок жаңы адистиктерди окутат. Бул жерде баптоо боюнча инженерлер, электромеханиктер, лифт жабдууларын монтаждоочуларды даярдайт.

Hyundai Elevator Кыргызстандын рыногуна дүйнөлүк стандарттагы лифттерди сунуштап келет. Ошону менен бирге 24/7 тез жардам кызматы каралган. Каалаган учурда, күнү-түнү кардарларыбыздын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууга жардам берүүгө даяр.


Кореялык инвесторлор менен биргеликте кызматташтык

Кыргызстанды Азиянын борбордук базасы катары өнүктүрүүнү пландаштырууда Hyundai Elevator компаниясынын негиздөөчүсү жана ишкананын жетекчиси Рахат Жунушбаеванын чакыруусу менен Кыргызстанга Hyundai Elevators CO.,LTD өкүлү КМШ, Россия жана Европа боюнча аймактык жетекчиси Джун Джи Хун мырза жана КМШ, Россия, Европа боюнча аймактык башчысы Янг Джи Хун мырзалар менен жолугуп, мындан аркы иш багыттарын күчөтүү боюнча биргеликте долбоорлорду жөнгө салуу жагы каралды. Ал эми чет элдик сатуулар бөлүмүнүн жетекчиси Шим Кю Хун (Mac) мырза менен ишкана өндүргөн лифт жана эскалатор продукцияларын кандай жол-жободо жакынкы, алыскы өлкөлөргө экспорттоо маселеси талкууланды. Ошону менен бирге кореялык инвесторлордун биздин өлкөгө болгон иш сапарынын максаты – Кыргызстандын рыногунда Hyundai лифттерин жакшыртуу жана консолидациялоо болуп эсептелет. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер