Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Салымбеков акылмандыгы, көрөгөчтүгү менен Нобель сыйлыгына татыктуу

Аскар Салымбеков акылмандыгы, көрөгөчтүгү менен Нобель сыйлыгына татыктуу

06-февраль, 21:43
1 191 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Аскар Салымбековдун юбилейи. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында түбөлүккө кала турган маанилүү күн. Эмне үчүн? Анткени СССР ыдырагандан кийин Кыргызстанда башка постсоветтик өлкөлөр сыяктуу эле ачарчылык, жумушсуздук өкүм сүрдү. Баардык завод-фабрикалар токтоду. Өлкө социализмден капитализмге өттү. Эл рыноктук экономиканы билбейт, тааныш эмес эле, себеби, 70 жыл бою биз социализмди куруп, дээрлик чечимдерди коммунисттик партия кабыл алып келген. Ар бир адам жумуш менен камсыз болгон, жумушсуз калган азчылыкты да мамлекет милиция аркылуу ишке орноштурган. 

90-жылдары элге өз үй-бүлөсүн багуу, аман калуу маселеси күн тартибине чыкты. Ошондо Аскар Салымбеков «Дордой» базарын уюштурду. Эл ошол жакка агылды: кээ бирлер соода кылуу үчүн, башкалар сатып алуу максатында. Ал кезде соода орундарында негизинен аялдар турду. Алар сооданын мыйзамдарын өздөштүрүп, Кытайга, Түркияга товар алууга каттап, мекенинде сатышты. Биз ошол базарда кийим-кечеге, азык-түлүккө жетишип, рыноктук реалдуулукту түшүнө баштадык. 30 жыл ичинде «Дордой» жаңы Кыргызстандын ишкерлери, жаңы формациядагы адамдар үчүн чыныгы мектепке айланды. Эл сооданын сырын үйрөнүп, андан кийин завод-фабрикаларды ачып, өз ишин түзө баштады.

«Дордой» тууралуу маалымат Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда, Европа жана Америкада да тарады. Аны “рыноктук экономиканын академиясы” деп атоого толук негиз бар.

Аскар Маткабылович бай адам катары өзүнө самолет, кымбат автоунаалар, Франциянын Лазур жээгинен же Швейцариянын Женева көлүнөн сарай сатып алмак. Бирок ал башка жолду тандап, кыргыз футболун, көк-бөрүнү өнүктүрүп, музейлерибизге жардам берип, сүрөтчүлөрдү, илимпоздорду колдоого алды. Ал алтын даараткана же чоң сарайларды куруунун ордуна акчасын элине, өлкөсүнө жана анын потенциалына жумшады. Миңдеген илимпоздор, акындар, маданият өкүлдөрү андан колдоо, кеңеш жана дем алышты. 

Аскар Салымбековдун акылмандыгы жана гуманизми эл ичинде уламышка айланган. Бул биздин чыныгы шерибиз, заманбап баатырыбыз. Ага өлкөнүн башкы сыйлыгын берүү керек. Аныгында, анын акылмандыгы, көрөгөчтүгү жана кайрымдуулугу Нобель сыйлыгына да татыктуу!


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер