Акыркы кабарлар
» Саясат » Украинадан чыккан качкындардын саны 3 миллионго жетти
Украинадан чыккан качкындардын саны 3 миллионго жетти
16-март, 11:53

Бул тууралуу чет элдик басылмалар Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына таянып жазып чыгышты.
Эл аралык миграция уюму да бул маалыматты тастыктап, согуш болуп жаткан аймактардан качкан украиналыктардын саны 3 миллиондон ашканын, анын 1 миллион 400 миңи жаш балдар экенин билдирди.
БУУнун качкындар иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15-мартка карата Украинадан 2 миллион 969 миң 600 адам чыгып кеткен.
Маалыматка ылайык, согуштан качкан украин жарандары негизинен Польшанын, Румыниянын, Молдованын, Венгриянын, Словакиянын жана Россиянын аймагына өткөн.
Качкындар боюнча жогорку комиссар Филиппо Гранди мурдараак Украинадан качкандардын саны “Европадагы экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң көрсөткүчкө жеткенин айтып, муну “өтө чоң качкындар кризиси” деп атаган.