Ата-энемдин ажырашканы бактыма балта чапты. Эмне кылам?


Мен бактылуу болгум келген. Бирок тагдырдын тамашасы мени кыйнап койду.
Ата-энемдин ажырашканы, менин үй-бүлө куруума таасирин тийгизип. Кичине кезимде ата-энем ажырашып, ата мээримине зар болуп чоңойдум. Апам жалгыз кыйналып, мени окута алган жок. 9-кластты бүтүп эле иштеп жүрдүм. Ошентип жигитимди жолуктуруп, сүйлөшө баштадык. Ал убакта жаш элек, сүйүү ушунчалык таттуу эле, абдан бактылуу элем. Атамдан көрбөгөн мээримди жигитимден көрдүм. Өтө жөнөкөй, камкор, боорукер. Атамдын “кызым” деп башыман сылаганын кыялданчу элем, бирок жигитим башымдан сылап, атамдын ордун басып, бактылуу кылды. “Эми мына баш кошобуз” деп сүйүнүп жүргөн кезибизде жигитимдин ата-энеси мени чанып, теңине албай коюшту. “Ата-энеси ажырашкан экен, кыз окубаптыр, таякелери ичет экен, апасы Москвада болсо, кандай тарбия көргөн?..” деп чанып коюшуптур.
Ошондон бери үйдөн чыкпай ооруп калдым. Бир айдан бери соолуп, жүрөгүм сыгылып, ичимден өзүмдү жеп эле үйдө жатып калдым. Эч нерсеге көңүлүм жок, жашоонун кунары качты. Жетимдер бактылуу болгонго татыктуу эмеспи?
Таякелерим ичсе, мен ичкен жокмун го? Ата-энем ажырашса, мен дагы ажырашмак белем? Ойго келбес бул эмне деген сөздөр?! Мындан аркы жашоом туманданып, азыр азаптардын чеңгелиндемин...
Нуриза
"Азия Ньюс" гезити











