Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талгарбековдун эки ооз сөзү Акаевди жамандагандарды жалпайта чапты

Талгарбековдун эки ооз сөзү Акаевди жамандагандарды жалпайта чапты

05-июнь, 11:12
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Тунгуч президент Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келсе, баягы Кудай албаган көралбастар козуп кетишип, жасалма түрдө каралоого алышты. Көпчүлүгү ээн ооздоно соцтармактарга чын-жалганды койгулаштырып жазып жатышты. Конкреттүү түрдө койгон дооматтары деле жок, болгону “атың чыкпаса жер өрттө” таризиндеги дээликмейлер. Мындай шартта Бекболот Талгарбеков “Азия Ньюс” гезитине маек берип, Аскар Акаевди каралагандарды улуп-уңшуган “чөө-иттерге” теңеп, таамай кебин айтканга жарады. Анан эмне болду? Чын эле “чөө-иттер” куйруктарын кыпчыган боюнча коңулга кире качышты. Чындыкты чыркырата айткан Бекболот байкенин интервьюсунан кийин Акаевди жамандагандар тып басылып калганына күбө болдук. Бул факт! Дагы бир эске сала турган жагдай, тунгуч президенттен жакшылык көргөн интеллигенция катмарындагы аксакалдардын бири да калыс маанайында ой-пикирлерин айтышпаганы, ооздоруна талкан сугунуп алышкандай отургандары өкүндүрдү. Коомдогу эң коркунучтуу “эки буттуулар” ушулар да. Убагында бийликте турсаң кошомат кылышат, жагымпоздуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүшөт, ал эми оомат тайганда артын салып кетишет. Каратып туруп сатып кетишкеничи? Мындай эки жүздүүлөр арабызда көп болгону үчүн мамлекет оңолбой, дайыма адашууда келатабыз. Дегенибиз, учурда Садыр Жапаровго да жагалдангандардын тизмеси узун, үйүр-үйүр болушуп шыйпаңдап жүрүшөт. Качан үзөңгүдөн бут тайып, бийликтен кеткен соң жондорун салышары, атургай жамандап чыгышары турган иш. Бул эми жалган жашоонун айныгыс көрүнүшү катары сыпатталып калды окшойт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер