Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга айыпталган Шералы Абдылдаев кантип Баткен Шерниязды ойнотуп кетти?

Коррупцияга айыпталган Шералы Абдылдаев кантип Баткен Шерниязды ойнотуп кетти?

24-апрель, 09:00
708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкер Баткен Шернияз таластык жердештерин чакырып, чай берет. Негизинен раматылык Болот Шердин жолдоштору келишиптир. Стол үстүндө баары күпүлдөшүп, колдой турганын жашырышпай, көңүл көтөрүшөт. Атургай “атамекенчи” Шералы Абдылдаев штабын башкармакчы болуп, оозунан “алтын шилекейин” чачыратып, бирок көп өтпөй ат тизгинин шарт бурганын карачы! Баласы Азат Абдылдаевди дал ошол Ленин районунан талапкер катары каттатып, Баткен Шерниязга каршы койгонуна көпчүлүк ушу кезге чейин таңгалууда. Кыска аралыкта эки жүздүүлүгүн көрсөткөнү ушулбу? Эске салсак, Шералы Абдылдаевге 2017-жылы кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Резонанс жаралган эле. Ал мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда коррупцияга батканы боюнча айыпталган. Ошондо Шералы Абдылдаев качып кетип, түрмөгө түшпөй калганын, “куспаганын” эскертип коёлу. Кыйын экен. Учурда саясатты калчап, баласын депутат кылууга жан үрөп жаткан чагы. Кайсы миллиондорду айландырып атат? Күч органдары чечмелеп койсо. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер