Бакыт Сыдыков бүгүн жазасын албаса, эртең баары бир камалабы?


Улам бир саясатчынын этегинен түнөк таап, позициясын алмаштыра бергендер арбын. Алардын катарына биз сөз кыла турган адам да кирет. Бакыт Сыдыков жакынкы эле жылдарда Өмүрбек Бабановго, Райымбек Матраимовго кошомат кылып жүрүп, мезгилдин өзгөрүшүнө жараша Камчыбек Ташиевдин короосуна өтүп кеткен. Эртең дагы бир башка таасирдүүгө келиндей жүгүнөрү шексиз.
Бакиевдердин кандуу режиминде Бакыт Сыдыков атасына таянып алып кыйла көпкөн. “Манас” эл аралык аэропортуна президент болуп, өз чөйрөсүндө корчоңдоп, билгенин жасап жүргөнү эсибизде. Кыргызда “төшү түктүүгө жолугасың...” деген кеп бар. Анын сыңарындай, жөн жүрбөгөн бул балакай хачик сымал чөйрөнүн намысына тийет. Бир күнү алар Бакыт Сыдыковду кармашып, обочо жерден көгала койдой кыла тепкилешип, таштап кетишет. “Ленд Крузер 200” автоунаасын тартып алышат. Бул көрүнүштү уккандар ар кандай жорушуп, таңгалып калышкан. А түпкүлүгүндө көпкөнчүлүктүн, намыска тийүүнүн айынан жазаланган эле. Соңунда жели чыгып, өзүнө келген. Кийин жулдуруп жиберген жолтандабасын Казакстандан табылганын укканбыз.
Эми тагдырдын тамашасын карасаң, азыр да Бакыт Сыдыков Кудайын тааныбай, көөп жүргөн учуру. Үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен байыганын баары билет да, туурабы? Акчанын күчү менен “Ата Журт Кыргызстан” фракциясына лидер катары шайланып алган. Эл үчүн эмне кылганын билбейбиз. Бирок асмандан сүйлөп, эсирип жүргөн убагы. Мамлекетте тазалануу, мыйзамсыз байыгандарды “кустуруу” аракети жүрүп атканда, адилеттүүлүк үчүн бул эргулга да кезек келеби? Себеби, Камчыбек Ташиев өзүнүн жакындарына да карабай турганын, мыйзамдын, өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан жогору турарын айтып келет. Кеп чынынан бузулбашы керек. Эмесе, Бакыт Сыдыков жазасын аларына аз калды окшойт. Эгер кутулуп кетсе, эртең башкалар суракка алат...
"Азия Ньюс" гезити











