Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элчи Лунун үстөмдүгү, Отунбаева менен Жээнбековдун кыянаттыгы

Элчи Лунун үстөмдүгү, Отунбаева менен Жээнбековдун кыянаттыгы

22-март, 11:58
787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу жолбашчы В.И.Ленин түзгөн коммунисттик система СССР мамлекетин улуу державага айлантып, андан кийин Кытай өлкөсүнө да жол салган. Бизде болсо коммунисттик системадан атасынын өчүн алып, аны жек көргөн эл душманын ээрчип кеткен кыргыздар 200-300 жеке менчик партияларды түзүп алышып, “өзүн-өзү билип, өтүгүн төрүнө илип” калышкан. Коммунисттик система менен кыргыз элинин улуттук идеологиясы бири-биринен эч айырмасы жок болгон үчүн СССР убагында Кыргыз мамлекети өсүп-өнүгүп, кыргыз эли цивилизациянын туу чокусуна жетишкен. Эми болсо, 30 жылдан бери орнотулган капиталисттик  системанын наадандыгын кабыл албаган кыргыз эли үч жолу элдик революцияга көтөрүлүп, мурдагы коммунисттик жана улуттук идеологияны талап кылышууда. 

Коммунисттик система кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан улуттук баалуулуктарына баардык шарттарды түзүп берсе, капиталисттик система, тескерисинче, наадандыктын түрлөрүн таңуулашып, Кыргыз мамлекетин жок болуу чегине алып келди. 30 жылдан бери келаткан адалдык менен арамдыктын тирешүүсүн мындан ары уланта берүү мүмкүн болбой калды. Анткени, жаратылыштын мыйзамына ылайык карышкыр менен койду бир короодо кармап туруу мүмкүн эмес. Ошондой эле бири-бирине карама-каршы болгон эки башка система, идеология, менталитет менен жашоо тиричиликти улантуу мүмкүн эместигин 30 жылдык убакыт көрсөттү. Кайсы система менен өсүп-өнүгөбүз, кайсы багытта талкаланып, чачырап жок болорубузду кыргыз эли дагы деле түшүнө элек. “Билген кишини билбеген киши жеңип кетет” дейт кыргызда. Билген бирөөгө билбеген экинчиси келип, “адегенде башкаруу формасын тандап алыш керек” деп “мудрый совет” берген көрүнөт. Бирок, баары бир баягы эле капиталисттик системада кала беришкенин эч кимиси түшүнө алган жок. Орустар айткандай, “куда иголка, туда и нитка” болуп, мурдагы көч каякка кетсе, кийинки көч ошол жакка баратканын компасы жок кыргыздар кайдан билишмек эле? Же, жол көрсөтүп турган улуу жолбашчы В.И.Лениндей бирөө болбосо, же айткан кепти укпаса, анан кете берет да. 

Ар кандай иш-чараларды будамайлап өткөрүп, убакытты создуктуруп жүрө берүү ыкмасы капиталисттер чийип берген Конституцияда так жазылган. Калганын АКШнын элчиси Дональд Лу өзү көзөмөлдөп, “муну кама, тигини кама” деп башкарып алган. Карышкырга кой кайтарткан кыргыз бийлиги чөптүү жайытка эмес, эт комбинаттын короосуна баратканын качан түшүнөт? Карышкыр койду кандай жешти эч кимден сурабаган сыяктуу, АКШ Афганистан, Ирак, Ливия, Сирия жана башка жактарда кандай “мясорубка” кылышты эч кимден сурабайт. Өзүнүн чөнтөк уюмдары болгон ООН, ПРООН, ОБСЕ, ЮНИСЕФ жана башкалары АКШнын алдамчы саясатын жүргүзүшүп, алардын көрсөтмөлөрүн ашыгы менен аткарып келаткан Кыргызстан жок болуу чегине жетти. Бул уюмдардын программаларын аткарган тармактар: саясат, экономика, айыл чарба, билим берүү, медицина жана башкалары баары талкаланды. Жадагалса УПКнын мыйзамдарын өзгөртүшүп, кылмышкерлерге болуп көрбөгөндөй жеңилдиктерди берип коюшкан. Жыйынтыгында коррупция менен мафияга кенен жол ачылып, эгер кокустук болуп кетсе жүздөн бир бөлүгүн кусуп берип, же болбосо тергөө менен иштеше коюшуп, “жакшы” соодалашкан кыргыздар коррупция менен мафиянын алдында айкөл болуп калышты. Мындай келесоолукту 30 жыл мурда түшүнгөн Россия менен Кытайда ООН, ПРООН, ОБСЕ, ЮНИСЕФ жана башкаларын жакын жолотушкан эмес. Ошондуктан алар өсүп-өнүгүп отуруп, улуу державаларга айланышты. 

А биздечи? АКШнын айтканын ашыгы менен аткарып турган кыргыз бийлиги мамлекетти талап-тоноп, уурдап отуруп, кыргыз элин чачыратып таштады. Кыргыз элинин акыркы үмүтү болгон Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жөн иштетпей күндө митинг, күндө пикет уюштуруп, ызы-чуу салгандар кимдер? Баягы эле АКШнын жандуу куурчагына айланган Роза Отунбаева баш болгон көп сандаган бейөкмөт уюмдары... 

Ыштанын чечип жылаңачтанган аялдардын арасында жүргөн Роза Отунбаева менен революциялык кырдаалды жаратып, миңдеген адамдарды майып кылган Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттик макамы, кол тийбестиги сакталып, 80-100 миң сомдон ашык пенсия алышып, мамлекеттик резиденцияда элдин эсебинен багылып жатышы – мамлекеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун жоктугун айтып турат. Саясатты, геосаясатты түшүнбөгөн Роза менен Сокенин тарапташтары болгон коррупция менен мафия президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы чыгышып, өздөрүн өздөрү жазалай турган болуп калышты. Анткени, Кыргызстандагы саясый-экономикалык абалды курчутуп, башаламандыктарды жарата беришсе, Россиянын губерниясына жана Кытайдын провинциясына айланып калуу коркунучу бар. Өз алдынча мамлекет боло албай калган Кыргызстанда Россиянын саясый үстөмдүгү менен Кытайдын экономикалык үстөмдүгүн орнотушса, коррупция менен мафиянын башында турган Соке баш болуп баары атууга кетиши мүмкүн. Капиталисттердин жүрөктөрүн түшүргөн Россия менен Кытайда аке-үкө, куда-пудаңа карабай туруп түрмөнүн төрүнө отургузат. Ошондуктан УКМК төрагасы Ташиевдин таягына көп сүйкөнбөй, “кус” десе “кусуп” берип, аман-эсен жүрө беришсе өздөрүнө жакшы.

Жогоруда аталган чет элдик уюмдар коррупциялык системаны өздөрү орноткон үчүн жазанын эң жеңил түрлөрүн колдонууда. Кыргызстанда башталган тазалануу процессине каршылык көрсөткөн уюмдар Америка университетин пайдаланып, митинг, пикет уюштуруп жатышат. Булар мамлекеттин ичине мамлекет түзүп алышып, эл душмандары болуп калышкан. Мындай уюмдардын башкаруусундагы көптөгөн мамлекеттер кыйроого учурап, эли чачырап калганын эске алсак, Кыргызстандын абалы бүгүнкүдөн да оорлоп кетиши мүмкүн. Бирок Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытайдын катарында жайгашкан Кыргыз мамлекетин жеке  менчик штатка айлантып алуу мүмкүн эмес.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер