Акыркы кабарлар
» Саясат » Аз күндө Кодуранова менен Карамушкина камакка алынышы мүмкүн
Аз күндө Кодуранова менен Карамушкина камакка алынышы мүмкүн
16-декабрь, 00:55
1 252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кой-Таш окуясы боюнча камакка алуу процесстери уланат. Кезек Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинага келгендей. Түрмөдө жаткан КСДПчы Кыяс Смаилов кечээги тилектештерине каршы шакылдатып көрсөтмөлөрдү берип атканы, өзү болсо ушундай жол аркылуу бошонуп чыгууга далбас урганы айтылууда. Сыягы, эки депутат айымдын үстүнөн чындап кара булут айланганы, жакынкы күндөрү темир торго жабылышы мүмкүн экен. Андан ары Кыяс Смаилов токтоп калбай, калптарды ышкыртып, Кундуз Жолдубаева менен Адил Турдукуловдун үстүнөн да “жомокторду” жобурап атабы?..
Aryba.kg