Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Шабданов: “Учурдагы бийликтин туризмге көңүл буруусу абдан жогору”

Эльдар Шабданов: “Учурдагы бийликтин туризмге көңүл буруусу абдан жогору”

17-июнь, 19:30
398 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү менен маек.

-- Аз күндө көлдүн сезону башталат. Кандай өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн? Дегеле быйыл туризмден ири кирешелерди табууга мүмкүнчүлүгүбүз барбы?

-- Быйыл туризм боюнча абдан жакшы божомолдор бар. Күзүндө иштеген ишкерлердин күтүүлөрү, ишенимдери абдан жакшы. Анткени мунун биринчи себеби, пандемия бүтүп, мурдагы 2019-жылдын деңгээлине келип жатат. Кыргызстанды 2019-жылга чейин абдан көп эл аралык басылмалар таанып,  “жакынкы жылдары туризм боюнча Кыргызстан эң мыкты өлкөлөрдүн катарына кирет” деген жылуу пикирлерин айтып турушкан. Интернетте маркетинг жүрүп, көп өлкөлөр билип деле калышты. Үчүнчүдөн, биздин учурдагы бийликтин туризмге көңүл буруусу абдан жогору. Туризмди өнүктүрүү фондун түзүштү. Ал жерге 1 млрд. сом каралып, анын 150 млн. сому которулган. Андан тышкары, туризм департаментинин бюджети да беш эсеге өскөн. Мурда туризм боюнча бюджет 8 млн. сом болсо, пандемия убагында 4 миллионго түшүрүп, быйыл кайра 40 млн. сомго чыгарып, он эсеге көтөрүштү. Ошол жумуштардын баары акырындап өз жемишин берип жатат. Эң негизгиси, пандемиянын бүтүшү чоң себепкер. Дагы бир себеп, Россия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам санкциялар киргизилип, россиялыктардын көп деле бара турган, саякаттай турган жерлери жок. Аларга ачык өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан бар. Демек, Россиядан келген туристтердин саны да көбөйөт. 

-- Пандемиядан кийин онлайн тармагы да жакшы өнүктү. Санариптештирүүнүн да туризмге жакшы таасирлери барбы?

-- Санариптештирүү азырынча түздөн-түз жыйынтыгын бере элек. Бирок интернет жайылганы, ал аркылуу маркетинг болгонунун себептеринен, туризм эл аралык коомчулукка таанылууда. Көптөгөн туристтик блогерлер бар. Алар келип, Кыргызстан боюнча сюжеттерин тартып, жайылтып жаткандары жыйынтыгын берип жатат. Интернет, технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу Кыргызстанды таанытуу мурдагыга караганда эффективдүүрөк болууда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер