Балдар жазуучусу Жумабек Алыкулов эң сонун инсан эле

Мына ошентип атактуу журналист, балдар жазуучусу, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, СССР журналисттер союзунун мүчөсү, эң сонун инсан, кесиптешибиз Алыкулов Жумабектин арабыздан кеткенине он жылдын жүзү болду. Ал эки жүздөн ашык адабий макала жана очерктин, 36 китептин автору. Анын китептери кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрүп, басылып чыккан. Поляк, чех, болгар тилдерине которулуп, 700 миңден ашык нуска менен жарык көргөн, о.э. бүгүнкү күндө кайрадан басылып чыгууда.
Алыкулов Жумабек 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган. 1962-1964-жылдар аралыгында чыгармачылык узак жолду басып өткөн. Эмгек жолун Кыргыз ССР Министрлер советине караштуу илим жана техника боюнча мамлекеттик комитеттин илимий-техникалык маалыматты пропагандалоо институтунун маалымат-редакциялык бөлүмүндө илимий изилдөө иштерин координациялоо боюнча котормочу болуп иштөөдөн баштаган. 1964-1972-жылдары Кыргыз ССР Министрлер советине караштуу басма сөздө мамлекеттик сырды сактоо боюнча башкы башкармалыкта инспектор, улук инспектор, бөлүм башчы болуп иштеген. 1972-1976-жылдары Кыргыз ССР маданият министрлигинин искусство башкармалыгында инспектор, улук инспектор, бөлүм башчы, башкармалык башчысынын орун басары катары эмгектенген. 1976-1992-жылдары “Кыргызстан” басмасында көркөм жана оригиналдуу адабияттар редакциясынын редактору болуп эмгектенген. Ал эми 1992-1994-жылдары КР саламаттык сактоо министрлигинде жетектөөчү адис, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, 1994-1998-жылдары “Чүй баяны” облустук гезитинин редакциясында кабарчы, жооптуу редактор, 1998-2002-жылдары “Аламүдүн кабарлары” райондук гезитинин башкы редактору, 2002-2004-жылдары республикалык “Эл үнү” гезитинин башкы редактору, 2004-2005-жылдары КР ветеринария боюнча мамлекеттик департаментинин республикалык “Ветеринария” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген.
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин Бишкек шаарындагы мекемелерде мамлекеттик тилдин негиздерин үйрөтүү боюнча сабак берип, педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенген. Анын китептеринен “Август кечтери”, “Бийик теректер”, “Нөшөр”, “Жашоо сапары”, “Каптагы карышкыр”, “Короздун таажысы эмне үчүн кызыл?”, “Ойнок менен Мойнок”, “Чаян менен ташбака”, “Коёндун кулагы эмне үчүн узун?”, “Сыйкырдуу данек”, “Коён бегемот менен пилди кантип коркутуп алды?” ж.б. көркөм чыгармалары белгилүү.
Ал КР министрликтеринин жана ведомстволорунун Ардак грамоталары жана медалдары менен сыйланган.
Туугандары, достору, кесиптештери
"Азия Ньюс" гезити