Ибрагим Жунусов, экс-вице-премьер министр: “Орозо ишке жолтоо болоруна түк кошулбайм”
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
-- Ибрагим мырза, орозо кармадыңызбы?
-- Жок, он сегиз жылдан бери орозо кармабайм. Себеби, кант диабети менен ооруйм. Күнүгө укол алып турушум керек. Укол алганда ооз ачылып кетет экен. Учурунда бул тууралуу аалымдардан, Чубак ажыдан сурагам.
-- Үйдөгүлөрчү?
-- Алар баары кармашат. Чынаранын кармаганына отуз жылдай болду окшойт. Уулум Элеман, эки кызым дагы жылда кармашат.
-- Сиз учурунда көп кызматтарды аркаладыңыз. Кызматта иштегендерге орозо жолтоо болушу мүмкүнбү?
-- Андай пикирге мен түк кошулбайм. Оорулуу болсо, анан алыска командировкага чыкканда эле бир аз кыйынчылык туудурбаса, эч жолтоо болбойт. Бул эми мусулман баласы үчүн парз да. Мына улуу, касиеттүү ай келди. Бул айды “он эки айдын падышасы” деп коёт. Бул айда бирөөлөргө жакшылык жасап, ооз ачтырып, көп сооп иштерди жасаса болот. Жалпы кыргыз элин Рамазан айы менен куттуктайм!
"Азия Ньюс" гезити