Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тамеки тартууга салынган тыюу боюнча: талибанизм босогобузга келдиби?

Тамеки тартууга салынган тыюу боюнча: талибанизм босогобузга келдиби?

25-октябрь, 08:36
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда кафе жана ресторандарда тамеки тартууга тыюу салынды. Биз алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынган учурду жашап өткөнбүз, анын жыйынтыгы эмне болгонун да жакшы билебиз, жумшак айтканда, тыйынга татыбай калды. 

Тамеки тартуу менен калп эле күрөшүмүш болуп жаткандар бул жолу ашыкча кетишти, терең ойлонулбай жасалган кадамдын кесепети көп болчу эле. 

Мен 40 жылдан бери тамеки тартам, калп күрөшүүчүлөрдү көптөн бери байкап жүрөм, мисалы, 10 жылдан ашуун убакыттан бери алар тамекинин кутусуна ар кандай жүрөк түшүргөн сүрөттөрдү чаптап чыгарып жатышат. Ошол эле убакта мен бүткүл дүйнөдө так ушул тамеки чакырган оорулардын сүрөтүн карап эле тамеки тартууну таштап салган бир дагы адамды уга элекмин. 

Биз, тамеки тартуучулар, инсулинге муктаж диабеттер сыяктуу эле оорукчан адамдарбыз, бизге никотин керек. Бул медициналык маселе жана бизге дагы никотиндик көйгөйлөрү бар адам катары гумандуу мамиле керек. Кофенин деле зыяны көп, келгиле, анда кафе жана ресторандарда кофе ичүүгө тыюу салабыз. Картошка фринин зыянын да баары билишет, ошондуктан аны да жегенге тыюу салуу шарт. Спирттик ичимдиктер тамекиге караганда бир топ зыяндуу, анда эмнеге ага тыюу салынбайт? Анда көмүр менен үй жылытууну да токтотолу, анткени андан чыккан түтүн атайын жайларда тартылган тамекинин жытына караганда ден соолукту бузуп атпайбы. Эмнеге “узун сакал-муруттарды өстүрбөгүлө” деп айтпайбыз? Мынча болду, кыска юбка кийүүгө да тыюу салалы. 

Мен баардык рангдагы депутаттарды сыйлайм, алар чындыгында өзгөчө, таланттуу адамдар, бирок бул жолу “кечирип койгула, эл өкүлдөрү, эмне кылып койдуңар?!” деп “чимкиргиң” келет... 


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер