Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өз кызың менен бир эркекти талашкандай абалда калуу оор экен

Өз кызың менен бир эркекти талашкандай абалда калуу оор экен

14-май, 23:55
630 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Биринчи жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин турмуштун баардык оорчулугу жалгыз мойнума түштү. Бирок багынган жокмун. Эмгектенип, аракет кылдым. Үй, машина алдым, жашоом жакшырды. Кыздарымды эч нерседен кем кылган жокмун. Экөөнө тең ата да, эне да болууга аракет кылдым.

Ошол убакта өзүмдөн бир топ кичүү жигит менен таанышып калдым. Сүйлөшүп жүрүп, кийин экөөбүз чогуу жашап алдык. Менин үйүмдө... Алгач баары жакшы эле көрүнгөн. Кыздарым да аны жакшы кабыл алышкандай сезилчү. Убакыт өтүп, биз 10 жыл бирге жашадык. Ал аралыкта эки уул, бир кыздуу болдук. Мен “мына эми чыныгы үй-бүлө курдум” деп ойлогом.

Чоң кызым турмушка чыгып кетти. Экинчи кызым 20 жашта болчу. Кичинекей балдарыбыз менен үйдө калдык. Ошол маалда жолдошум Россияга иштегени кетип, бир жылдай алыста жүрдү.

Бир күнү эски телефонду карап отуруп, жашоомду түп-тамырынан өзгөрткөн нерсени көрдүм. Телеграммдагы жазышуулар... Жолдошум менен өзүмдүн кызымдын ортосундагы мамилени окуп алып, денем калтырап кетти. Болгону жөнөкөй сүйлөшүү эмес экен. Сүйүү сөздөрү, бири-бирине жиберген сүрөттөрү. Баары көз алдымда туруп калды. Ошол мүнөттө менин дүйнөм кыйрап түшкөндөй эле. Эмне кыларымды билбей калдым. Кыйкырып, ыйлагым келди. Бирок ошол учурда үч кичинекей баламды ойлодум. Алардын келечеги көз алдыма келди.

Жолдошум Россиядан келгенде катуу уруштук. Бирок үч балабыз бар болгондуктан, ажырашып кете алган жокмун. Ошондон бери үйдүн ичинде тынчтык жок. Экөөбүз ит менен мышыктай болуп калдык. Сый да, ишеним да жоголду.

Эң оор нерсе өз кызың менен бир эркекти талашкандай абалда калуу оор экен.

Күйөөм мага карап жатабы же кызымабы? Ошол ой мээмден чыкпай койду. Кызымды көрсөм ичим ачышат, кээде жиним келет. Анткени ал өзүнөн 20 жаш улуу, өзү чоңойткон өгөй атасы менен мамилеси...

Ал эми жолдошум болсо мени күнөөлөйт. “Унчукпай жашашың керек” дейт. Мен болсо күндөн-күнгө нерв болуп, өзүмдү жоготуп бара жаткандаймын.

Азыр жашоомдун жалгыз жарыгы кичинекей үч балам. Ошолор үчүн гана жашап жүрөм. Кээде түн ичинде баары уктап калганда жалгыз ыйлап отурам. “Кайсы жерден жаңылдым?” деп өзүмө суроо берем. Кайгы басты...

                                                                                                                                                       Динара
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер