Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Амангелди ЖУМАДИЛОВ: “Salymbekov University окуу жайынын мугалимдери өтө жогорку айлык алышат”

Амангелди ЖУМАДИЛОВ: “Salymbekov University окуу жайынын мугалимдери өтө жогорку айлык алышат”

28-ноябрь, 12:23
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле билим тармагында чоң жаңылык болду. Кыргызстанга белгилүү меценат Аскар Салымбековдун иш аракети менен Salymbekov University жогорку окуу жайы ачылды. Биз жаңы ачылган окуу жайдын ректору Амангелди Жумадиловду кепке тарттык. 

-- Амангелди мырза, жаңы ачылган окуу жай тууралуу жалпы маалымат берип кетсеңиз?

-- Билим тармагында чоң кадам ташталды. Фондубуздун (Аскар Салымбековдун фонду) билим тармагындагы иш аракети эми системалуу түрдө Salymbekov University аркылуу ишке ашмакчы. 2012-жылдан бери окуучулар, студенттер, окутуучулар, окумуштуулар менен алып барылган долбоорлор, АКШ, Улуу Британия, Франция, Япония, Корея, Европа жана Армения сыяктуу мамлекеттердин алдыңкы окуу жайларын изилдөөлөрүбүз билим тармагында бул кадамды баштоого түрткү берди.

-- Канча факультет менен башталды?

-- Эл аралык медицина факультети деп азырынча университеттин базасында бир факультет менен ишти баштадык. Анткени, “Дордой” ассоциациясынын карамагында бир канча иштеген клиникалар бар болчу. Ушул жаатта суроо-талаптар көп болуп, анан кадр даярдоо маселеси турган. Жакында эле, тактап айтканда, 12-ноябрда Түштүк Кореядан алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Inha University менен келишимге кол коюлуп, Salymbekov University базасында эки окуу жайдын биргелешкен эл аралык техникалык (IT) факультетин ачуу чечими кабыл алынды. Англис жана корей тилдеринде билим бериле турган бул окуу жайда окуучулар эки жылын Кыргызстанда, калган эки жылын Түштүк Кореяда окуп, эки өлкөнүн дипломун алмакчы. Ошондой эле беш жыл аралыгында Inha University кыргызстандык окутуучуларды магистратура жана докторантурада акысыз окутуп, университетибизге адис катары даярдап бермекчи болду. 

-- Эмнеге Түштүк Корея? Башка деле өнүккөн мамлекеттер бар го?

-- Бүгүнкү күндүн Түштүк Корея жогорку эффективдүүлүктөгү индустрияга жана инновацияга таянган күчтүү постинудстриалдык өлкө. ХХ кылымдын 50-60-жылдары БУУнун эксперттери Африканын жана Жакынкы Чыгыштын ресурстарга бай өлкөлөрү тез өнүгөрүн божомолдошуп, табигый ресурстарга жарды болгон Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө көптөгөн көйгөйлөр жараларын айтышкан. А чындыгында Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишкен. Бул эми жакынкы жылдардагы кадамыбыз. Ал эми андан ары өзүңүз айткан Кембридж унуиверситети менен аракеттер күч, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Атайын кесиптик билим берүү колледжин ачууга демилгебиз бар. Англис тилинде математика, физика, биология ж.б. сабак бере турган мугалимдерди даярдоо жана мектеп окуучуларына ылайыктуу креативдүү технология борборлорду ачууга тилектер бар. Мындан сырткары, келечекте эл аралык экономика жана укук факультеттери да ачылат.

-- Университеттин мугалимдеринин камсыздалышы кандай жолго коюлган?

-- Камсыздоо жакшы деңгээлде. Жай мезгилинде эле ар бир мугалим менен баарлашып, келишимдерге кол коюлган. Айлык акылары башка жогорку окуу жайдагы мугалимдерге салыштырмалуу өтө жогору. 

-- Университетти бүткөн студенттерге кандай дипломдор берилет?

-- Медицина факультетин аяктагандар азырынча бир дипломдуу болуп, Кыргызстандын баардык аймактарында үзүрлүү эмгектене алат. Ал эми кийинки жылы ачыла турган IT факультетинин студенттери эки дипломго (Кыргызстандын жана Кореянын) ээ болуп, андан ары магистратура, докторантурасын улантууга бекер мүмкүнчүлүк болот. Бул багытта Түштүк Кореянын Inha University менен биргелешкен аракетибиз келечекте өлкөбүзгө өз жемишин берерине терең ишенебиз. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер