Акыркы кабарлар
» Саясат » Америкадан бизнеске ыкташкан, кыргыз саясатын талкуулаган кыйындар
Америкадан бизнеске ыкташкан, кыргыз саясатын талкуулаган кыйындар
19-январь, 13:26
439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бийлик менен келише албаган Аскарбек Шадиев, Исхак Пирматов жана Алтынбек Сулайманов Америкадан бизнес кылышып, байбачадай турмуш кечирип жатышыптыр. Үчөө байма-бай жолугушуп, чай ичишип, Кыргызстандагы саясый кырдаалды талкуулашат. Спорт менен машыгууну да күн тартибине коюп алышкан. Аныгында, Аскарбек Шадиев менен Исхак Пирматовдун саясаттан жолдору болбой, акчанын артынан кууп алган кербездери. Бийликтеги “майлуу кызматтарда” иштеп жүрүшүп, кыйла байышкан эмеспи. Ал эми Алтынбек Сулаймановдун жөнү башка, лидер катары өз күчү менен телчигип, эми гана бышып-жетилип калган кезинде өгөйлөнүп, убактылуу тайм-аут алган. Кырдаалдын өзгөрүүсү менен саясый майданга келиши мүмкүнбү?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити