Каныбек Осмоналиев, профессор: “Бизде салык саясаты бир ууч эле шылуундардын баюусуна арналган”

-- Каныбек агай, ЭТТК деген салыктын түрү жоюлуп, патент системасы киргизилди. Бул элге пайдалуу болдубу же калыптанып келаткан практика жокко чыгып калдыбы?
-- ЭТТК – бул дүйнөлүк практика. Кеп ошону ишке ашырууда турат. Биздин сугалак чиновниктер бир сонун практиканы бузуп салышты. Болгондо дагы президенттин «көзүнө чөп салышып», өз кызыкчылыктарын көздөштү. Аягында казына миллиарддаган зыянга тушукту! Эми аны жоюп, кайрадан патенттик системаны киргизишти. Убагындагы ЭТТК ыкмасына “күйөрман” болгон макулуктар эми аны жамандап отурушат. Болгону ушул. Карапайым жана чынчыл ишкердин эле шору.
-- Сиздин оюңузча, салык саясатын кимдер калчап жатат?
-- Бизде салык саясаты бир ууч эле шылуундардын жеке баюусуна арналган. Алар парламенттеги өз депутаттарынын колу менен салык мыйзамдарын каалагандай калчап жана өзгөртүп келишет. Тарифтер системасын тынымсыз өз пайдаларына жараша ары-бери жумшартып же катаалдаштырып турушат. Мындай кылмыштуу аракеттерге бир дагы президент даап тыюу сала алган эмес! Тескерисинче, мындай фискалдык кылмыштуу иштерди колдоп келишкен. Алардын "чайын ичип" турушкан да. Азыр жакшы жакка өзгөртүү боюнча бир аз аракеттер бар, бирок "салык мафиозниктери" дагы деле күчүндө. Аларды түп-тамырынан бери кыркып жок кылмайынча, абал эч качан жакшырбайт! Кеп адам факторунда турат.
-- Контрабанданын жолун кан буугандай токтотуу аракетинен майнап чыгып жатабы?
-- Контрабанданын гүлдөп өсүшүнө кылмышкер чиновниктер менен уюшкан кылмыш топтор күнөөлүү. Алар эчак эле тамырлашып, бири-бирине ыктап алышкан. Өзүнчө эле кубаттуу синдикат түзүлгөн. Аны бузууга азыр аракеттер болуп жатат, бирок катуу чаралар көрүлө элек. Тескерисинче, “таза иштеп, өндүрүштү өстүрөм” дегендер жабыр тартышууда. Ачкөз жана сугалак күчтөр президенттин аракеттерине бут тосуп жатышат.
-- Салык мыйзамдарына кирип жаткан өзгөртүүлөр салык саясатынын ишин илгерилетет деп үмүт артсак болобу?
-- Салык саясатын таза жүргүзүү оңой-олтоң иш эмес. Аны колу таза, жүрөгү курч гана адамдар жасашат. Дүйнөдө андай мисалдар толтура. Биздин Кыргызстан дагы ошол жолго түшүүсү абзел.
"Азия Ньюс" гезити