Мадумаров протокол боюнча акталып, акча чыры менен айыпталабы?
“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров камалгандан бери шайы кетип, ден соолугу начарлап жатканын жакындары айтып келишет. Козголгон кылмыш иштеринин келечеги кандай болушу мүмкүн? Ар кыл кептер козуп турат. Айрым талдоочулардын божомолуна караганда, Мадумаровдун чек ара чырына байланыштуу протоколго кол койгону күчүн жоготуп, акталары, бирок бир адвокаттын арызы, ири суммага байланышкан каражаттын негизинен соттолобу? Арыздануучу өткөн шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы аркылуу депутат болуу үчүн сүйлөшүп, акча бергени, анан талаада калганын жар салып келет го? Ушул өңүтүнөн абал татаалдашабы? Чындыгында коомчулук ички чыр-чатакты деталдуу түрдө билбейт, бул таризде дыкат талданышы керек. Адахан Мадумаровго саясый куугунтукпу, же чын эле кылмыш иши барбы? Албетте, мезгил удулуна жараша ачыкталат эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити