Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Саймаитинин Али Токтакуновго 50 миң доллар бергени тууралуу маалымат бар"

"Саймаитинин Али Токтакуновго 50 миң доллар бергени тууралуу маалымат бар"

19-июнь, 09:56
492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновго кытай жараны Айеркен Саймаитинин акча бергени тууралуу тергөө органдарында маалымат бар деп билдирди Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча убактылуу комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов вице-спикер Мирлан Бакировдун суроосуна жооп берип жатып.


Анын айтымында, бул иш боюнча күбө болуп жаткан Эркин Сопоковдун УКМКга берген көрсөтмөсүнө ылайык, “Азаттык” медиа мекемесинин иликтөө иштеринин жүрүшү менен Саймаитинин 800 миң АКШ долларын кайтарып алуу кызыкчылыгы болгон. “Токтакуновдун биринчи көрсөтүүсүнөн кийин Хабибулла Абдыкадырдан Саймаити 300 миң доллар, андан кийин 200 миң доллар өндүрүп алганын, ошонун негизинде Айеркен “Али Токтакуновго 100 миң АКШ долларын беришим керек” деп айтканын, ошол акчанын 50 миңин бергенин Саймаитинин жанында жүргөн адам айткан деп Эркин Сопоков көрсөтмө берип жатат”, - деди Мамытов.


 
Ошондой эле ал бул фактынын чын-төгүнүн тергөө органдары аныктап, далилдеп бериши керек жана юридикалык баа бериши зарыл, деп кошумчалады.


Тергөөчүлөрдүн айтымында, Али Токтакуновго бул акча 2019-жылдын июнь айында Стамбул шаарында берилген. 


media-center.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер