Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Биз, чоң аялдар деле жоолук салынганда кээде жүдөп калабыз...”
-- Динара айым, бүгүн бир кесиптешиңиз мектеп окуучуларынын жоолуктарын чечүүгө мажбурлаган педагогдорду жазалоону сунуштады. Парламенттин трибунасынан мындай маселе көтөргөнүнө караганда, ага ата-энелерден кандайдыр бир кайрылуулар түшсө керек. Сизге түшкөн жокпу андай сигналдар?
-- Мага түшө элек. Бирок, менин оюмча, билим берүү министрлиги муну өз колуна алып, кандайдыр бир формаларды ойлоп тубууга тийиш. Мисалы, Малайзиянын үлгүсүн алсак болот. Аларда намаз окугандар мектеп формасын кийишет, жоолук да салынышат. Жакшынакай чакмак юбкаларды кийишет, жоолугу да тыкыйган. Бул бир чети жакшы көрүнөт, экинчи жагынан ыйман жагына да ылайык келет. Бизде болсо ар бир ата-эне өзүнүн көз карашына, каражатына карап, ар кандай кийинте беришет. Андан жаш балдар жүдөп калышы мүмкүн. Биз, чоң аялдар деле жоолук салынганда жүдөп калабыз кээде, туурабы? Ошондуктан, мен ойлойм, муну жөнгө салып койсо эч ким капа болбойт. Маселени антип чечмейин, көйгөй улана берет.
-- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 2008-жылы кабыл алынган дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамды жаңыламакчы. Кандай деп ойлойсуз, мыйзамды кайра кароого зарылчылык барбы?
-- Кээ бир тарапта бар. Түштүк регионунда жашыруун иш жүргүзгөн бир нече экстремисттик диний уюмдардын өкүлдөрү кармалбадыбы. Мамлекеттин ролун танып, балдарын мектепке жиберишпейт экен. Алар менен күрөшүш керек. Ошол эле учурда жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча конституциялык укуктары бар да. Бул жакка дагы аша чапкан, тиги жакка дагы аша чапкан негизи зыян. Ошол жактарын эске алып, “золотая серединасын” табуу керек. Мен али долбоорду көрө элекмин. Комитетке келсе, таанышкан соң сөзсүз өз сунуш, пикирлеримди берем деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити