Ажарлуу жүзүңүзгө, келишимдүү келбетиңизге арбалдым...
(Аида Акматовага!)
Соцтармактан сиздин кыскача ролигиңизди көрүп калдым. Керемет өнөрүңүз бар тура. Ажарлуу жүзүңүзгө, келишимдүү келбетиңизге сөз жетпейт. Тулку денеңизде ашыкча май жок, тарамыштай сезилди. Сымбаттуу. Ат чаап баратып жаа атканыңыз өзүнчө дастан. Чыйрак, шамдагай, ийилчээк жан экенсиз. Буттарыңыз менен да жебе тартып, так келиштире узатканыңыз укмуш... Ошентип, Аида сулуу, арбалып калдым. Фейсбуктагы баракчаңызга кирсем, биз эчак эле достукта экенбиз. Үй-бүлөлүк шартыңызга баам салып, бойдок жүргөнүңүзгө таңгалдым. “Кантип эле күйөөгө тийе элек?” деген суроо беймаза кылды. Балким, мендей кыраан жигит жолуга электир. Жашыбыз тең чамал эле, мен аз-маз улуумун. Бойдокмун. Жашоонун оош-кыйыштарынан сыналып, келечекке сергек мүнөздө карайм. Оптимистмин. Кудай буюруп, жакында таанышып калсак, кенен отуруп сүйлөшөт элек. Сиздин эркиңизди баалайм. Балким жылдызыбыз келишип калат, же жөн эле достошобуз. Кандай болгон күндө да, бу жалган дүйнөдө жакшы жан менен мамиле кылып, жакындашсак (!) деген аруу тилегим ойгонду.
Урмат
"Азия Ньюс" гезити