Райымбек Матраимовго жалаа жапкан Мунарбек Сайпидинов “мыш” болуптур


Россиядан кармалган Мунарбек Сайпидинов кылмышынан буйтаганга далалат жасап, Райымбек Матраимовго жалаа жаап, жамандаганга жетишти эле. Айеркен Саймаити, Улан Эгизбаевдин өлүмдөрү боюнча көрсөтмө берерин каңкуулап. Ошентип, Кыргызстанга кармалып келди. Баштагы айткан сөздөрү кана? Кичине окшоштуруп калп айтса не? Элдин көңүлүн бурдурууга жасаган аракети суу кечпей калды. Мунарбек Сайпидинов жалган айтуусу менен өзүнүн акылсыздыгын, саткынчылыгын ачык далилдеди го? Ойдон чыгарып эле урдуруп койсо, ага коомчулук ишене бербейт эмеспи. Азыр элдин көзү көрөгөч. Жаман оюнда Райымбек Матраимовду каралайм деп, өтө катуу жаңылышты. Эске салсак, убагында Айеркен Саймаити, Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтенип, тергелип, жыйынтыктары ачык жарыяланган. Биринчисин өлтүргөндөр Түркиядан кармалышып, соттолушса, экинчиси сууга сүзө албай чөгүп кеткени тастыкталган эле. Ушундай. Анан эски окуяларды “өкүл бала” чаргытып, тайыз акылында “чапташтырам” дегени өтпөй калды. Акыры “мыш” болду. Эми жасаган иштерин жооп берип, сабак алсын!
"Азия Ньюс" гезити











