Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мектеп жашындагы балдардын мечитке барганын күч органдары көзөмөлгө алышы керек”

“Мектеп жашындагы балдардын мечитке барганын күч органдары көзөмөлгө алышы керек”

30-июнь, 21:08
855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мечиттерге агылган мектеп окуучуларын күч органдары көзөмөлдөшү керекпи? Мындай көрүнүшкө кандай баа берсек болот? Мыйзамга туура келеби?

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Бул маселени көптөн бери көтөрүп келатабыз. Балдарыбыз 18 жашка чыкканга чейин эч кандай динге берилбеши керек. Дин өкүлдөрү өздөрүнө тартып, жаш балдардын аң-сезимин бир беткей бурмалоо кылганы өтө туура эмес. Мектепти бүткөнгө чейин балдарды медресеге окутуу да болбогон кеп. Биздин мамлекет светтик. Ыймандуу бала тарбияланышы үчүн эң ириде үйдө ата-эне тийешелүү насаатын бериши парз. Андан тышкары, мектепте сабак берип аткан агай-эжейлери тарбия берип, окутуп-чокутуп, билимге сугарат. 18 жаштан кийин гана ар бир бала ата-эненин уруксаты менен медресеге же мечитке барууга толук кандуу укук алат. Албетте, күч органдары ар бир айылда бир гана кылмыштуулукту көзөмөлдөбөстөн, дин багытына, анын ичинде мыйзамсыз иштерге чара көрүүгө тийиш. 

Дүйшөн Батырбеков, мугалим:

-- Бул акыркы күндөрдөгү коомубуздагы көйгөйлүү маселе. Анткени, кичинекей, 1-класстагы кыздар мойну-башынан бери тоголок кылып оронуп алган, балдар болсо дин аалымдары кийген ак такыяны башына илип алып сабакка келишет. Бул аша чапкандык. Ал гана эмес мугалимдер өздөрү, ошол эле “биз элита” дегендер, интеллигенция катарында жүргөндөр оронуп-чулганып алышат. Буларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Медреселер “Таалим” деп көпчүлүктү өтө тездикте диндин Ханафи масхабына караандабаган жолуна салып атат. Бул опурталдуу маселенин жаралуусун баарыбыз байкап атабыз. “Светтик мамлекетпиз” деп какшаганыбыз менен аны көзөмөлдөп, иретке салынбагандыктан, негизсиз башаламан жагдайга туш келүүдөбүз. КР өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча комиссия нейтралдуулукту, калыстыкты сактап, аша чаап кеткен диний агымдарга чара көрүүнүн ордуна, тескерисинче, молдокелер менен жуурулушуп, табакташ болуп, көп учурда көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп коюшат. Ал эми айылдарда жума күнү мектептен сурап, айтып да койбостон мечитке жапырт агылып кетип калышат. Буга ошол мектептин мугалимдери жана ата-энелери макул. Бул өтө туура эмес да. Мектеп жашындагы балдар мечитке барбашы керек. Муну мыйзам менен тыйып, тыйып эле тим болбой, күч органдары тарабынан көзөмөлгө алынганы дурус.  

Улан Рысбеков, милициянын ардагер полковниги:

-- Күч органдары, милиция кызматкери мечитке барып аткан мектеп окуучуларын сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышы керек. Себеби, имамдар кандай багытта тарбиялайт? Бул боюнча мамлекет башчыбыз тапшырма берген. Андыктан, күч органдары ар бир баланы учетко алышы зарыл, ким кайсы мечитке барат, кайсы имамдан таалим алат, кайсы багытында (?) дегендей. Ошол эле учурда мектеп мугалимдери да өз алдыларынча көзөмөл кылышы шарт. Азыр балдардын баары каникулга чыгышты. Туруктуу түрдө мечитке барып аткандар “Таалим жамааты” деген лагерлерге кетип жаткандары байкалат. Бул боюнча да кылдат анализдерди жүргүзүү керек деп ойлойм. Албетте, бу жерде балдардын ата-энелери чоң ролду ойношот. Кайсы мечитке барып атат? Ал жерде эмне деген кеп-сөздөр айтылууда? Мунун баарын ата-эне ырасташы керек. Негизинен, мектеп жашындагы балдардын мечитке баруусуна тыюу салган эле туура. Алар эң ириде билим алсын. Мектепти бүткөндөн кийин гана чоң окуу жайга тапшырганда билимин улантабы же мечитке барабы – өз эрки. 


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер