Акыркы кабарлар
» Саясат » “Рыжий Марат” башынан “каралар” менен алыш-бериш кылып келгенби?
“Рыжий Марат” башынан “каралар” менен алыш-бериш кылып келгенби?
24-апрель, 21:46

Бүдөмүк иштерге аралашкан “Рыжий Марат” коомчулук астында күмөндүү фигура катары калыптанып калды. Алдамчы беле? Бул эргул мурда ачык бизнес жасаган, элдин камын көргөн адам эмес экен. Тек гана бийликтин колтугуна кирип алып, оңой олжого туйтунуп, жеке басарлык аракеттерине кириштиби? Президенттин иш башкармалыгына караштуу курулуш дирекциясын башкарса, чиновниктерге хансарай курса, ишинин канчалык деңгээлде таза экенине ишенебиз? Шектүү изин ачыктап, журналисттерге маек берип, таза эмгегин көрсөтө алабы? “Рыжий Марат” башынан “каралар” менен алыш-бериш кылып, ал чөйрөгө кызмат көрсөтүп келгенби? Дал ушул суроолордон баштап, жооп алсак кандай? Күтөбүз!
"Азия Ньюс" гезити