Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңылануу башталабы? ИИМдин орун басарлары ойдогудай болбой жатат

Жаңылануу башталабы? ИИМдин орун басарлары ойдогудай болбой жатат

15-январь, 09:30
1 222 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аргымак камчы салдырбайт эмеспи. Анын сыңарындай, ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук-коопсуздук кырдаалга алдын ала анализ жасап, тартипти, тынчтыкты камсыздоо жагынан кыйла тажрыйбалуу экенин көрсөтүүдө. Республика боюнча жасалган кылмыштарды ачууда, каршы күрөшүүдө ыкчам чараларды багыттап, сергектигин айгинелей алды. Өздүк курамдын астында аброю көтөрүлдү. Бирок, “медалдын экинчи бети бар” дегендей, ИИМдин орун басарлары иш жүзүндө профессионалдуу жактарын көрсөтө алышпай, жетекчинин гана оозун карап отурушканы, өз алдыларынча демилге, идеялардан аксашканы жашыруун эмес. Мындай “айдатма” эргулдарды жазга чейин тазалап, иштин көзүн билген, билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар менен алмашпаса, министрге күч келип калат го? Жогору жактагылар деле орун басарлары ойдогудай болбой жатканын байкап атышыптыр. Чечкиндүүлүк керек. Быйыл ИИМдин кадр саясаты жаңыланып, үлгүлүү өзгөрүүлөр жасалса, милициянын кадыр-баркы дагы көтөрүлөт эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер