Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Добуштары күмөн жараткан участоктор текшерилет

Добуштары күмөн жараткан участоктор текшерилет

08-декабрь, 11:33
1 329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоодо добуштарды автоматтык түрдө эсептеген урналардын ишин текшере турган көз каранды эмес техникалык топ ишин бүгүн, 8-декабрда баштай турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алты партиядан күмөн жараткан 600дөй участок боюнча арыз-даттануу түшкөн, алардын жүздөн ашуунун кол санактын протоколдору жарыялангандан кийин кайра кайтарып алышкан.

“Автоматтык эсептөөчү урналар боюнча бардык маалыматтар системага киргизилди. Кол менен саноо протоколдорун киргиздик. Графикалык көчүрмөлөр бар. Ар бир партия менен ошол участокторду карап көрсөк, биздин адистер ар бир партия менен иштеп чыкса”.

Шайлдабекова арыздар «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ынтымак», «Ишеним», «Азаттык» жана «Эл үмүтү» партияларынан түшкөнүн белгилеп, күмөн жараткан участоктор боюнча тактоо иштери партиялардын жана байкоочулардын катышуусу менен өткөрүлөрүн кошумчалады.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү урналарда, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер