Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биз Орусияда аттардай эле иштейбиз, эми кереги жок буюмдай ыргытылдык

Биз Орусияда аттардай эле иштейбиз, эми кереги жок буюмдай ыргытылдык

01-апрель, 14:13
517 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

31-мартта түндөсү Орусиянын Домодедово аэропортунан 300 мигрантты күч менен кууп чыгышкан. Бул тууралуу Галия Ибрагимова аттуу журналист “Фейсбук” баракчасына жазып чыкканын "Барс медиа" маалымдады.

Маалым болгондой, мигранттар коронавирустун айынан чек аралар жабылып мекенине кете алышпай, аэропортто 2 жума калып калышкан.

Ибрагимованын айтымында, ага Фарух аттуу тажик жараны чалып:

“Бизди аэропорттон кууп чыгышты. Алгач, форма кийген кызматкерлер бүгүн учаарыбызды айтышты. 300 мигрант чогулгандан кийин бизди көчөгө кууп чыгышты. Азыр баарыбыз көчөдө эмне кылаарыбызды билбей турабыз. Убактылуу жашап турчу жерге жете албай жатабыз. Биз Орусияда аттардай эле иштейбиз. Эс алуу деген дээрлик жок. Бизди кереги жок буюмдай эле ыргытып жиберишти. Эмнеге мындай? Жардам бергиле”, - деген нааразы боло.

Баардык мигранттар Борбордук Азиядан келгендер. Алардын 200ү Тажикстандын жарандары.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер