УКМК: “Ысык-Көл облусунда УКМК кызматкерлери үчүн кызматтык үй курулду”

Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди. Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.К.Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Р.М.Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ардагерлер катышышты.
Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.