Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Диний экстремисттик уюмдар менен уюшкан кылмыштуу топторго бийликтин алы келбейби?

Диний экстремисттик уюмдар менен уюшкан кылмыштуу топторго бийликтин алы келбейби?

14-август, 21:38
508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Диний экстремисттик уюмдар менен уюшкан кылмыштуу топтордун тамыры кыркылбай, барган сайын коркунуч жаратып келет. Мындай “кара күчтөргө” каршы күрөшүүгө бийликтин эрки жетпейби? Канткенде таза коом курабыз?” деген собол таштадык.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Кылмыштуу жана диний экстремисттик топтордун тамырын кыркууда президенттин гана саясый эрки керек. Булардын “ишмердүүлүгүн” бат эле токтотуп койсо болот. Муну эмнеге айтып атам? Себеби, мамлекеттин аскери, милициясы бар, УКМКнын атайын курамы ушуларга каршы күрөшүү үчүн жаралган да. Атайын мамлекеттик бюджеттен акча каралып, коомдук тартипти бузгандар үчүн ар кандай иш-чаралар жүргүзүлүп туруусу кажет. Албетте, тийешелүү деңгээлде, өз учурунда алдын ала иштер жүрбөгөндүктөн, кээде ушундай топтор өзүлөрүнүн пайдасына колдонуп кетип атышат. Мындан сырткары, ошол эле күч органдары кылмыштуу топтордун анабашчылары менен коррупцияга аралашып, алардын материалдык кызыкчылыктарына табакташ болуп кеткен учурлар да жок эмес. Муну Садыр Жапаров деле билсе керек. Болгону президент мындай жагдайга батыл киришип, системдүү күрөш жүргүзүп, коомду тазалап койсо оңой эле. Саясый эрк жетсе...

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Бул көйгөй илгертен бери эле келатат. Биздин Башмыйзамда “Кыргыз Республикасы – светтик мамлекет” деп бакырая жазылып турат. А бизде президентибиз баш, калгандары төш болуп, аянтта айт намазга жыгылып жүрсө, анан кайсыныбыз светтик өлкө? “Жөөттөрдүн” диндери бизди башкарып алды. Алардын жүргөн жерлери алдамай, уурдамай, улуттук баалуулукту талкаламай. Биздин аткаминерлердин басымдуусу “Таблиги жамааттын” мүчөлөрү. А “Таблиги жамааттын” ишмердүүлүгүнө КМШда жана бүт өнүккөн мамлекеттердин баарында тыюу салынган. Айла жок, кээде “оңолуп кетербиз” деп үмүт кылабыз. 

Жакында эле Ысык-Көлгө барып келдим. Көл кара кийинген, оронуп-чулгангандарга, дамбал кийгендерге толуп кетиптир. “Радуга” пансионатынын жээгинде жанагылар кара каргалардай жайнап жүрүшөт. Ошол кийимдери менен сууга да түшүп атышат. Аларды көргөн чет элдик туристтер таңгалышып, түрлөрүнүн сууктугунан кооптонуп, чочулап атышканын байкадым. А биздин көпчүлүк жаштар бирин калтырбай туурап атканы жүрөктү оорутууда. Абдан коркунучтуу абал. Мени кооптондурганы – мектеп жашындагы балдарыбыз “намазга жыгылабыз” деп “зомби” болушуп, мечитте чурулдап жүрүшөт. Кыргыздын улуттук баалуулуктары, үрп-адаты, каада-салтынын кыпындай эч нерсеси калбай калган окшойт, жакамды кармап отурам. 

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:

-- Мен бул маселеге башкача жооп берейин. “Диний экстремисттик уюм менен уюшкан кылмыштуу топ тамырлашып кеткен” деген ойдон бир аз алысмын. Балким тамырлашып кеткендир, бирок бизде сот бүтпөй туруп, анын чечими чыга электе эле “уюшкан кылмыштуу топ”, “диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү” деген ярлык тергөө учурунда жабышып калат. Алар мурунку аялдардын түрмөсү болгон №50 абакта кармалып, анан соттук тергөөдө ошол жактан алып келинип аткандай кийин соттор, прокурорлор ошого ыктап чечим чыгарууну көздөп калышат. Анткен менен ошол эле кылмыштуу топ же диний экстремизм деген түшүнүктөрү жок адамдар аралашып калып атканын эч ким эске алган жок. Ал эми сот менен прокурорлор “биз УКТ жана ДЭУ боюнча абдан чоң громкий, скандальный иштин бетин ачып атабыз” деп төш кагып калышкандарын көп угам. Ашып кетсе алар жөн эле хулиганчылык кылгандар, ур-тепкиге катышкандар, же майда-барат нерсе уурдагандар. Бул биринчиси. Ал эми экинчиси, чыныгы УКТ мүчөлөрү динге жамынып алышат. Таптакыр алыс болгон убакта да сакал коюп, малакай кийип, көргөзмө үчүн беш маал намаз окуп, мечитке барып жүргөн чыгар. А чынында Кудайдан жөө качкандар. Кудайга сыйынган, беш маал намазын жазбай окуган момун мусулмандар эч качан УКТнын мүчөсү болгон эмес. Башка бирөөлөргө пайдасынан бөлөк зыянын да тийгизбейт. Ошол эле диний экстремисттик уюмдарга мүчө болуп жүргөндөр динден таптакыр алыс адамдар дейт элем.    


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер