Арттан бычак сайгандай образда жүрөбү?..


“Шибегени капка ката албайсың” дейт. Бир күнү жырып чыккандай эле көмүскөдөгү жоруктар ачыкталат эмеспи. Дегенибиз, ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрү бизге чейин жетүүдө. Албетте, биз суроо иретинде жолдоп, ички былыктарды ачууга аракет жасайлы.
Өткөн жылдын соңунда министр Улан Ниязбековго каралоо кампаниясы жанданып, кайсы бир көмүскөдөгү күчтөр да кошулганын байкаганбыз. Журналисттерге атайын органдагылар “жем таштайт” да. Чуу чыгаруу, ириде кадыр-баркты кетирүү үчүнбү? Кызыкчылыктар кагылышы... Эң кызыгы, интернеттеги ошол чабуул ырбаганда, Октябрь Урмамбетов ичинен кымыңдап, көлдүк кадрлары менен тар чөйрөдө масилеттешип, “көрүп атасыңар, аз калды, жакында министр болом” деп төш какканбы? Абаларга таянып алып, күнү-түнү чуркап, бирок кайра эле шалпайып, ордунда калды го? Ага ишенип алган көлдүк жетекчилер “тиги министр болбой калды” деп мыйыгынан күлүп жатышыптыр.
“Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, генерал болсо эле министрлик креслого ашыга берүү осолдук да, туурабы? Октябрь Урмамбетовго “чоң жылдызды” Улан Ниязбеков алып берсе, орун басарлык кызматты ыроолосо, анан тымызын тескери иштеп, арттан бычак сайгандай образда жүргөнү кандай? “Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө каңдайт” деген накыл кепти эрксизден эстейсиң да. “Негизи душманды алыстан издебе, ал айланаңда эле жүрт” деп да айтышат. Калетсиз кеп бекен?
"Азия Ньюс" гезити











