Күйөөм “үч кыз төрөдү” деп ажырашууга арыз таштады
Балким менин жазганым эч кимди кызыктырбайт же кимдир бирөөлөргө сабак болор. Күйөөм менен жашаганыбызга 5 жыл болду, үч кызым бар. Жаңы үйлөнгөндө күйөөмдүн байлыгына кызыккан эмесмин. Аябай катуу сүйүпмүн. Ата-энем “кой, бизге жакпады, биздин теңибиз эмес. Жакшы баладай көрүнбөйт” десе да болбой турмушка чыккам. Баш кошуп Москвага бардык, иштедик. Башында аябай кыйналдык, акча табуу оңой эмес экен. Андан кийин күйөөм соода иштери менен алектенип, бизнеси жүрүшүп кетти. Ал аралыкта мен да үч кызымды удаа төрөп, үйдө отуруп калдым. Үчүнчү кызымды төрөгөндө күйөөмдүн ким экенин билдим. Кызымдын кыркын чыгарганы үйүмө алып келип койду. Ошол боюнча балдарды бир сурап койбоду. Чалсам албайт, ачуум келип смс жаздым. Ошондон соң адвокат чалып, ажырашууга кол коюп берүүмдү айтты. Шок болуп калдым. Күйөөм мени телефондон “кара тизмеге” киргизип салган. Үч баланы ойлоп да койбоду. Али эсимди жыя албай шок болуп отурам. Эмне кылууну билбей, башым катып жатат. Не билгени бар билбейм, сиздерден кеңеш күтөм. Ушундай да адамдар болобу?
Нуриза