Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Боронов дүрбөлөңгө түшпөөгө, ызы-чууга алдырбоого чакырууда

Кубатбек Боронов дүрбөлөңгө түшпөөгө, ызы-чууга алдырбоого чакырууда

29-июнь, 13:56
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убактарда коронавируска чалдыккан адамдар көп болуп жатканын белгилеп, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Өкмөт башчы бул тууралуу 28-июнда коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында айтты.

«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз “вирус жок” деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Бул бүгүнкү абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору аймактагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы, дүрбөлөң түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада башаламандыкка алып келет. Ошондуктан жарандарыбызды сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырам” деди Кубатбек Боронов.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер