Мэр Айбек Жунушалиевди ойготуп, оң жолго салса болобу?

Бишкек шаарындагы көп көйгөйлөрдүн эң орчундуусу катары автоунаалардын тыгыны барган сайын чыңалууларды жаратууда. Бул боюнча мэр Айбек Жунушалиев жаңы идеяларды иштеп чыгышы керек эле. Тилекке каршы, биз андан көңүл жылытчу демилгелерди көрө албай келебиз.
Аныгында Бишкекке машина батпай баратат. Кошумча көчөлөрдү ачыш керек. Көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн гектарлаган жерлер табылат экен. Албетте, бизнес үчүн! Мисалы, эски ипподромго, түрмөлөрдүн ордуна, шаардын түштүк тарабына, ж.б. жерлерге жүздөгөн бийик үйлөр салынууда. Анын баарына жашоочулар отурукташканда, кайсы жол менен жүрүшөт? Же учушабы? Натыйжада, элге, жалпы жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүдөн мукурап калышканы кандай? Бүгүн маселени колго алышпаса, эртең кеч болору айныгыс чындык!
Эң кур дегенде, азырынча шаардын сыртынан айланган магистралдарды курууга жан үрөп, аларды ички каттамдарга кошсо болот. Мына ушундай долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу учурдун талабы. Бишкек шаарында канчалаган салыктар, кымбаттаган тарифтер, ар түрдүү төлөмдөр ай сайын чогултулууда. Ал каражаттар кайда кетүүдө? Ошол миллиарддаган акчаларды элге жумшаш керек да. Ооба, бул көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген бир эле көйгөй. Башка алешемдиктерди тизмектесек, кеп узарчудай. Эмесе, ушул өңүтүн акыл-эстүү адамдар көрсөтүп, Айбек Жунушалевди ойготуп, оң жолго салса болобу? Же баягы эле текке кеткен кайран сөзбү? Кызык. “Жаман атка миң камчы...” дечү беле?
"Азия Ньюс" гезити