Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Германияда 50 миң кыргызстандык ишке орношо алат

Германияда 50 миң кыргызстандык ишке орношо алат

13-июнь, 16:33
490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Германияда Кыргызстандын 50 миңге чейин жаранын алпарып ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жөнүндө бүгүн Бишкекте Германия менен Кыргызстандын биргелешкен бизнес форумунда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

"Германияда расмий маалымат боюнча он миң, расмий эмес маалыматтар боюнча 25 миңге жакын кыргызстандыктар бар. Биз тийешелүү долбоорго кол коюшуп алсак, жакынкы беш-алты жылда элүү миң адамды ишке жибергенге мүмкүнчүлүк бар" деди Өмүрбек Текебаев.

Бишкекте "Германия экономикасынын күндөрү" деп аталган бизнес-форум жана Кыргыз-Герман ишкер кеңешинин биринчи отуруму өтүп жатат. Бул форум Германияда Россияга салынган санкциялардын шартында газ, мунайдын баасы асмандап, ал эми Кыргызстандын экономикасын рецессия тооруп турган убакта болуп жатат.

Россияда эл аралык санкцияларын кысымы менен көп чет элдик компаниялар ишин токтотуп, иш орундары кыскарып жаткан убакта, кыргыз мигранттары үчүн Европа багытында жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Кыргыз жарандарын кыска мөөнөттүү жумуштарга жиберүү жөнүндө Финляндия, Болгария, Германия менен келишимдерге кол коюлганы жатканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги да билдирген эле. Ал эми Британиянын компаниясы ушул жылдан баштан кыргызстандык жарандарды биринчи жолу айыл чарба жумуштарына алып жатат. Жумушчулардын биринчи партиясы Британияга май айында жөнөп кеткени белгилүү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер