Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Татынакай такай...” икаясы. Текебаев эмнеге кубарып кеткен?

“Татынакай такай...” икаясы. Текебаев эмнеге кубарып кеткен?

05-август, 15:57
342 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаевдин бийлиги доорунда Тыныбек Алыкулов 1995-жылы мандатка жетип, андан кийин бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган эле. Кийин көзү өтүп кетти. Ошол киши эл өкүлү кезинде тамашалуу икаяга аралашып калыптыр, эмесе кеп салалы. “Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы” дейт. 

Машинада жаш депутаттар Тыныбек Алыкулов, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов жана Туйгунаалы Абдраимовдор баратышат. Жолдо ката эшектин коделеги көзгө урунат. Кайсы гана жандык болбосун, кичинекейи кооз көрүнөт эмеспи. Тыныбек Алыкулов күтүүсүздөн эле:

-- Татыкакай такай экен э? - дейт.

-- Аны силер жакшы билесиңер да... - деп Иса Өмүркулов чукугандай сөз таап салат. 

Куйкум кептен улам, теңтуштар арасында кыраан-каткырык орнойт. Бирөөсү гана бозоруп чыгат... Аңгыча эле Туйгунаалы Абдраимов:

-- Өмүке, сага эмне болду? - деп капталга нукуганга жетишиптир. 

Өмүрбек Текебаев болсо купкуу тартып, такыр сүйлөбөй, жолду уланта берет. Ошентип, жанындагы коллегалары тамашаны көркүнө чыгарышып, чер жаза күлүп алышканын эшиттик.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер