Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата Мекен” партиясынын тарыхын бурмалоо акылга сыйбайт

“Ата Мекен” партиясынын тарыхын бурмалоо акылга сыйбайт

16-январь, 02:32
987 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Элнура Кулуева “Ата Мекен” социалисттик партиясы Майрам Акаеванын демилгеси менен уюшулган, партиянын негиздөөчүлөрү Өмүрбек Абдрахманов, Каныбек Осмоналиев баш болгон бир топ физиктер, кийин Текебаев авторитардык механизмин көрсөткөн соң баарыбыз кетип калганбыз» деп, Токтайым Умөталиева айтканын пост кылып жазып таратты. Элнура Кулуева бул постту кандай ниет менен жазганы белгисиз. Бирок, «Ата Мекен» партиясынын маалымат кызматы бул маалыматты чындыкка таптакыр туура келбей турганын билдирди. “Ата Мекен” партиясынын жаралуу тарыхы мындай: 1991-жылы 10-февралда “Кыргызстан демократиялык” кыймылынын 2-съездинин убагында съезддин делегаттарынын бир тобу “Эркин Кыргызстан” деген демократиялык партияны негиздешкен. “Эркин Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев шайланган. Кийинки жылы, 1992-жылы 7-ноябрда “Эркин Кыргызстан” партиясы экиге бөлүнүп, Текебаев баштаган топ “Ата Мекен” деген жаңы партия түзүшкөн. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Каныбек Осмоналиев да, Өмүрбек Абдрахманов да жок. “Ата Мекен” партиясынын түзүлүшүнүн негизги себеби – “Эркин Кыргызстан” партиясынын ичиндеги идеологиялык ажырымдан улам болгон. 2020-жылы 7-ноябрда “Ата Мекен” партиясынын түзүлгөнүнө 28 жыл толот. Эгемендүү Кыргызстан менен жашташ партия мамлекеттеги баардык саясый окуяларга активдүү катышып, тарыхты жазып келет. 

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын маалымат кызматы 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер