Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзакматов мактаныч кылса, Асанов адамдык сапатын көрсөттү

Мырзакматов мактаныч кылса, Асанов адамдык сапатын көрсөттү

23-август, 17:38
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адатта салыштыруу менен саясатчылардын нагыз жүзүн, публикада кандай ойношорун байкайбыз. Эл көзүнө биринчиси жасалма мүнөз жаратса, экинчиси жаратылышынан нукура жигитчиликке басым жасайт тура. Көйрөңдүк менен жөнөкөйлүк бекер жерден ажырым катары саналбайт эмеспи. Эмесе, учкай сыпаттообузга көңүл буруп койгула.

Сыртынан салабаттуудай көрүнгөн Мелис Мырзакматов көптөн бери көрүнбөй кеткен. Жакында Мунарбек Сейитбек уулу Парижден күмүш медаль жеңип келгени Кудай берип, Меке “улам бир эфирден” пайда болду. “Жик” чыккандай эле. “Атың чыкпаса жер өрттө” дечү беле? Мунарбек Сейитбек уулу менен машыктыруучусу Беганас Султанбаевге ак калпак кийгизип, чепкен жаап, конверт карматкан видео тарады. Мына, бул мактаныч, жеңил пиар! Көптөн бери унутулуп кеткен Мелис Мырзакматов аз да болсо атын чыгарып алды. Каадалуу киши өңдөнүп, берешен, сүрөөнчүдөй сезилип... Туй ата!

Эми мынча болду, бир фактыны билдире кетели. Мунарбек Сейитбек уулунун аты чыга электе, Беганас Султанбаев машыктыруучу катары кыйналып жүргөндө генерал Курсан Асанов Оштогу спорт залына бекер машыктырып, агадай, атадай чыныгы камкордугун көрүп келгени эл оозунда айтылууда. Чемпион деген ондогон жылдар бою тер төгүп, кыйын сыноолор аркылуу өсүп чыгат эмеспи. Ички сабырдуулугу бар, турмушка терең көз караш менен караган адамдар гана бири-бирин алдыртан туюп, оор кезде кол сунушарын эскерте кетели. Учурда Мунарбек дүйнөнү багындырып, олимпиада оюндарынан күмүш алса, машыктыруучусу ал жакка жете албай, Оштон күйүп-жанып жатып ийгиликке шыкактады. А бул эки каарманга көп жылдан бери каралашып келген Курсан Асанов өзүн анчалык жарнама жасабай эле токтоолугун көрсөтүп, тар чөйрөдө учурашып, чайлашкандын үстүндө ага-инилик насааттарын айтышыптыр. Реалдуулук, табигый күйгөндүк да жөнөкөй жерден башталат тура. Ооба, адамгерчиликке, туруктуу мамилеге бекем азаматтар алыска барышары шексиз...  



"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер