Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек, Нурбек Осмоновдор сапатсыз үйлөргө, мыйзамсыз жерлерге жооп беришеби?

Айбек, Нурбек Осмоновдор сапатсыз үйлөргө, мыйзамсыз жерлерге жооп беришеби?

15-июнь, 18:48
1 799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман Нуру» партияларын негиздеп, парламенттик шайлоого, экинчисин жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна да «чабышка салып» көргөн Айбек жана Нурбек Осмоновдор эми «Биздин Кыргызстан» аттуу жаңы партиянын негиздөөчүлөрү болуп чыга келишти. Ушул партияны алар 11-июлда Бишкек жана Ош шаарларынын кеңешине өтө турган шайлоого, андан кийин күздөгү парламенттик аламанга катыштыруу үчүн таптап жатышканы белгилүү болду. Албетте, алардын кайсы бир партияны негиздеп, шайлоого катышуу укугун эч ким чектебейт. Бул алардын укугу. Бирок, кырдаалга жараша «крыша» алмаштырып, өздөрүнүн жеке финансылык кызыкчылыктарын биринчи планга койгон адамдардын чоң саясатка келишине, парламент трибунасынан сүйлөп турганы элге керекпи? Бул ага-ини Осмоновдор «Ихлас» курулуш компаниясынын ээлери экени белгилүү. 2010-жылдагы өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы түзүлүп, ага Жантөрө Сатыбалдиев жетекчи болгон. Ошондо бир тууган Осмоновдор Сатыбалдиевдин ичи-койнуна кирип жүрүшүп, мамлекеттик дирекцияга каралган акчага көп кабаттуу үйлөрдү курушкан. Эгерде алган акчаларына жараша сапаттуу үйлөрдү курушса эч нерсе дебейт элек. Тилекке каршы, алар курган үйлөрдөн жарака кеткени, айрым үйлөрдүн жертөлөлөрүн суу каптап жатканы тууралуу маалымат каражаттары убагында көп эле жазышты, айтышты, көрсөтүштү. Анын натыйжасында кылмыш иши да козголгон. Бирок, кырдаалга жараша оңой эле өзгөрүп кете алышкан Осмоновдор ошол убактагы «серый кардинал» атыккан Икрам Илмиянов менен жакшы мамилеге жетишип алышып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишкени ыраспы? Илмияновдун жардамы менен өздөрүнүн «Ихлас» курулуш компаниясы үчүн жерлерди кантип мыйзамсыз алып алышканын убагында маркум журналист Улан Эгизбаев көп эле иликтеди. Бирок, Осмоновдордун кылы да кыйшайбады. Себеби, аларды калкалап турган Илмиянов бар эле да. Кийин Илмияновдун «ити чөп жебей» калганда бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болуп алышканын билебиз. Бирок, өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун алдында эмнегедир мамилелери бузулган. Кыскача айтканда, ушул күнгө чейинки ишмердүүлүктөрүндө сапатсыз үйлөрдү куруу, мыйзамсыз жерлерди алуу сыяктуу жеке каржылык кызыкчылыктары менен гана алектенген бир тууган Осмоновдор эми «Биздин Кыргызстан» партиясы менен парламентке келип, таасирлерин дагы да арттыргылары келип атышабы

Кайсы бийлик болсо деле «крыша» таап алышып, жеке бизнестерин алдыга жылдыра берген бул ага-ини жаңы бийликтен кимдин башын айлантып алышты (?) деген суроо жаралат. Эмне үчүн алар Ош жана Жалал-Абадда курган сапатсыз үйлөр үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт? Эмнеге Бишкектин четинен мыйзамсыз алган жер тилкелери үчүн жаза алышпайт? Эмнеге буга тиешелүү укук коргоо органдары көңүл бурбайт?


Фейсбуктагы “Жаңы шайлоо” баракчасы
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер